УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасы боюнча иш жүргүзүп жатат

УКМК Кыргызстандын жараны С.М. тарабынан жасалган курулуш жана күрөөгө коюлган насыя берүүдөгү ири өлчөмдөгү алдамчылык схемасын иликтеп жатканын атайын кызматтын билдиришти.

Бүгүн УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев жараны С.М.ге карата козголгон кылмыш иши боюнча жабырлануучулар менен жолугушту. Жолугушууга шектүү дагы катышты.

Тергөөнүн жүрүшүндө мурда бир нече жолу соттолгон С.М. узак убакыт бою мыйзамсыз күрөө жана сүткорлук менен алектенгени аныкталган. Ал жарандарга атайылап кысым көрсөтүүчү шарттарда жана жогорку пайыздык чендер менен каражат берип, андан пайда болгон карызды алардын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн мыйзамсыз тартып алуу үчүн колдонгон.

Тергөө өзгөчө "Эксперт Строй" ("Шёлковый путь" турак жай комплекси) жана "Арз Девелопмент" ЖЧКларынын ишмердүүлүгүнө багытталган. С.М. эки жер тилкесин үлүшкө берип, кийин долбоорлорду ишке ашырууга тоскоолдук жараткан жана ири өлчөмдө кошумча пайда алуу үчүн мыйзамсыз талаптарды койгон.

Мыйзамсыз аракеттерден улам "Шёлковый путь" ТЖК, "Арз Девелопмент" ЖЧКсынын 89 үлүшчүсү, ошондой эле бир катар жеке адамдар жабырлануучу деп табылган. Жыйынтыгында жалпы материалдык зыян өзгөчө чоң деп бааланып, ага кыймылсыз мүлктү, унааларды жана каражаттарды мыйзамсыз ээликтен ажыратуу кирген.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Кыргызстандагы эки трассадагы тоннелдерге акы төлөө бекитилди

Министрлер кабинети өлкөдөгү негизги автожолдордогу тоннелдер аркылуу автотранспорттун өтүшү үчүн акы төлөөнү бекиткенин өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, тиешелүү №134 токтомго 2026-жылдын 25-февралында кол коюлган. Документке ылайык, алынган төлөмдөр тоннелдик комплекстерди кармоого, тейлөөгө жана эксплуатациялоого жумшалат. Бул комплекстер Бишкек — Ош автожолу жана Түндүк — Түштүк альтернативдүү автожолу сыяктуу стратегиялык

Ысык-Көлдө 565 миң сом  алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көлдө 565 миң сом алименттик карыз өндүрүлдү

Ысык-Көл облусунда 565 миң 627 сом өлчөмүндөгү алименттик карыз өндүрүлдү. Бул тууралуу Сот аткаруучулар кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, Жети-Өгүз райондук сот аткаруучулар бөлүмүнүн өндүрүшүндө К.Н.Б. аттуу карызкорго карата С.Н.С. аттуу жаранга үч баланы багуу үчүн алимент өндүрүү тууралуу аткаруу иши жүргөн. Жүргүзүлгөн мажбурлоо чараларынын натыйжасында 565

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Мал семиртүүчү бир кластер эт керектөөнүн 1%ын гана жабат

Малды семиртүү боюнча бир кластер учурдагы уй этин керектөөнүн болжол менен 1%ын гана камсыздай аларын радионун эфиринде "Кыргыз эт" ассоциациясынын президенти жана мал чарбачылыгы боюнча эксперт Бакыт Мамытканов билдирди.  Анын айтымында, долбоордун алкагында бир кластердик бирикмеге болжол менен 150 млн сом бөлүнөт. Бул каражаттын: * 82 млн сому

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

"Торугарт" өткөрүү пунктунда электрондук кезек системасы ишке кирди

Кыргыз-кытай чек арасындагы "Торугарт" өткөрүү пунктунда жүк ташуучу унаалар үчүн электрондук кезек системасынын пилоттук долбоору ишке кирди. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынан билдиришти. Бүгүн Бажы кызматынын жетекчилиги аталган пунктка барып, жаңы системанын иши жана өткөрүү пунктундагы инфраструктураны модернизациялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Маалыматка ылайык, буга чейин жүк ташуучу