2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда 11%дан ашты

2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда 11%дан ашты

Кыргыз Республикасынын ИДП өсүү темпи боюнча аймактык жана дүйнөлүк масштабда абдан жогорку көрсөткүчкө ээ. Бул тууралуу КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы –Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын аппараттык кеңешмесинде билдирди.

Өкмөттүн басма сөз кызматынан маалымдагандай, иш чаранын жүрүшүндө министрлер кабинетинин башчысы 2025-жылдын алдын ала жыйынтыктарын чыгарды.

“2025-жылы экономиканын өсүү темпи жогорку деңгээлде сакталып, акыркы эки жылда (2024–2025-жылдары) 11%дан ашты. Бул жүргүзүлүп жаткан экономикалык саясаттын натыйжалуулугун жана өнүгүүнүн туура багытта кетип жаткандыгын көрсөтөт. 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча ИДПнын көлөмү 1 трлн 976,4 млрд сомду түздү, башкача айтканда, дээрлик 2 трлн сомго жетти жана жылдын аягына карата такталган эсептөөлөр боюнча 2 трлн сомдон ашат деп күтүлүүдө”, - деди ал.

Салыштыруу үчүн, 2022-жылы ИДПнын көлөмү 1 трлн 21 млрд сомду түзүп, үч жылдын ичинде ИДПнын көлөмү эки эсеге өскөндүгү айтылды. 2025-жылы ИДПнын реалдуу өсүү темпи 11,1 %ды түздү. Адылбек Касымалиев белгилегендей, экономиканын өсүшүнө экономиканын бардык тармактары салым кошту:

·       курулуш сектору 21,1 %га,

·       тейлөө сектору – 10,9 %га,

·       айыл чарбасы — 2,2 %га өстү,

·       өнөр жайда өсүү 10,7 %ды түздү,  

·       тамак-аш азыктарын өндүрүүдө – 30,1%,

·       курулуш материалдарын өндүрүүдө – 35,7%,

·       химиялык продукцияны өндүрүүдө – 19,8%,

·       кен казып алууда – 14,2% катталды. Бул абдан позитивдүү тенденция болуп саналат.

“Негизги капиталга инвестициялардын көлөмү 18,4%га көбөйүп, 374,6 млрд сомду түздү, бул рекорддук көрсөткүч болуп калды жана 2024-жылга салыштырмалуу 100 млрд сомго көп. Негизги капиталга салынган инвестициялардын 24% же 90,3 млрд сому республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды, бул 2024-жылга салыштырмалуу 42,7%га көп”, – деди МинКаб башчысы.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media