Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды
Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду.
Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт.
Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда.
Расмий маалыматтарга ылайык, 2026-жылдын январь–август айларында Кыргызстанга 6 438,9 тонна алма импорттолгон. Бул 2025-жылдагы жылдык импорттун көлөмүнөн 2,18 эсе көп.
Импорттолгон алманын негизги бөлүгү Польшадан — 3 554,1 тонна, Кытайдан — 1 696,8 тонна жана Өзбекстандан — 859,7 тонна келген.
Ошол эле мезгилде алманын экспорту 10 779,52 тоннаны түзүп, 2025-жылдын ушул мезгилиндеги көрсөткүчкө салыштырмалуу 1 658,11 тоннага же 13,3 пайызга азайган.