Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү
Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди.
Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен.
Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык курулуш объектисине 67 млн сом каралган. Анын ичинен 1-октябрга карата 61 млн сом бөлүнүп берилген.