Калктын ишеним индекси 46,2 баллга жетип, тарыхый рекорд койду

Калктын ишеним индекси 46,2 баллга жетип, тарыхый рекорд койду

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Президенттин Администрациясынын кезектеги аппараттык кеңешмесинде 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгы үчүн “Калктын ишеним индекси” изилдөөсүнүн жыйынтыгын тааныштырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Ал бул мониторинг Улуттук статистика комитети тарабынан ар бир жарым жылда жүргүзүлөрүн белгиледи. Изилдөө өлкөнүн жети облусун, Бишкек жана Ош шаарларын камтып, коомдук маанайдын өзгөрүшүн жана жарандардын мамлекеттик органдарга болгон ишеним деңгээлин объективдүү баалоого мүмкүнчүлүк берет.

Адылбек Касымалиевдин айтымында, 2025-жылдын экинчи жарым жылдыгынын жыйынтыгы боюнча ишеним индекси 46,2 баллга жетип, тарыхый рекорд койду. Бул көрсөткүч 2024-жылга салыштырмалуу 18% жогору.

Анын белгилешинче, индекстин өсүшү Президент Садыр Жапаров жүргүзүп жаткан саясий курска жана анын командасынын ишмердүүлүгүнө калктын жогорку ишенимин тастыктайт. Ошондой эле акыркы жылдары ишке ашырылып жаткан социалдык-экономикалык реформалар мамлекеттик органдардын ишинин сапатын жогорулатууга багытталганын көрсөтүүдө.

Аппараттык кеңешменин жыйынтыгында А.Касымалиев мамлекеттик органдардын жана Президенттин Администрациясынын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетекчилерине иштин темпин басаңдатпоону, экономикалык өсүштү колдоону жана жарандарды түйшөлткөн маселелерди ыкчам чечүүнү тапшырды.

Мындан тышкары окуңуз

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы  14,6 млн долларга сатылды

Девид Гилмор колдонгон “Black Stratocaster” гитарасы 14,6 млн долларга сатылды

Дэвид Гилмор 1970–1983-жылдары Pink Floyd тобунун бардык альбомдорун жаздырууда колдонгон электрогитара 14,6 млн долларга рекорддук суммага сатылганын BBC агенттиги Christie's аукцион үйүнө шилтеме берип билдирди. "Black Stratocaster" (Кара Stratocaster) деп белгилүү болгон гитара дүйнөдө аукцион аркылуу сатылган эң кымбат гитара болуп калды. Аны ким

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Министр Э.Ахунбеков суткасына 2800 литр сүт өндүргөн фермага барды

Бүгүн Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунун Сокулук районунда жайгашкан “Дана Агро” асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышты. Иш сапардын алкагында министр чарбанын өндүрүш процесси, малдын асыл тукум курамы жана сүт өндүрүү көрсөткүчтөрү менен жеринен таанышты.

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Чүйдө швед технологиясы менен иштеген сүт ферма ишке кирет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков Чүй облусунда жайгашкан "Таштан" асыл тукум мал чарбасынын ишмердүүлүгү менен таанышып, ферманын жаңы технологиялары жана өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат алды. Маалым болгондой, жеке ишкер Вахабжан Юсуповго таандык "Таштан" дыйкан-фермерлик чарбасы 2018-жылы негизделген. Бүгүнкү күндө

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Президенти Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Аталар күнү менен куттуктады

Бүгүн Кыргызстанда Аталар күнү белгиленип жатат. Бул майрамдык дата КРнын Жогорку Кеңеши тарабынан 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алынган. Ага ылайык, мыйзам боюнча жыл сайын Аталар күнү 15-мартта жана Энелер күнү май айынын үчүнчү жекшембиси белгиленүүдө. Аталардын урматына бүгүн өлкө башчы Садыр Жапаров куттуктоо сөздөрүн жарыялады. Өз сөзүндө президент илгертеден бери кыргыз