Мектептерде окуучуларды которуу онлайн тартипте жүргүзүлөт

Мектептерде окуучуларды которуу онлайн тартипте жүргүзүлөт

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиевдин төрагалыгы алдында өткөн аппараттык кеңешмеде билим берүү жана туризм тармактарына санариптик механизмдерди киргизүү маселелери каралды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешмеде окуучуларды мектептер ортосунда которуунун электрондук системасын киргизүү сунушталды. Учурда өлкөдө 2170 мамлекеттик жана муниципалдык мектепте 1,5 миллиондон ашык окуучу билим алат, ал эми которуу процесси кол жазма режиминде жүргүзүлүп келет.

Адылбек Касымалиев электрондук система класстардагы бош орундарды автоматтык көрсөтүп, процессти ата-энелер үчүн ачык жана түшүнүктүү кылышы керектигин белгиледи. Билим берүү министрлигине бул системаны кыска мөөнөттө иштеп чыгып, ишке киргизүү тапшырылды.

Ошондой эле кеңешмеде бирдиктүү санариптик туристтик платформаны түзүү маселеси каралды. Платформа туристтер үчүн кызматтарды бир терезе принциби менен көрсөтүүгө багытталат.

Жыйынтыгында тиешелүү мамлекеттик органдарга "Түндүк" ААКсы менен биргеликте туристтик платформаны түзүүнү камсыз кылуу тапшырылды.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media