Мамлекеттик башкаруу академиясы 13 млн сомдун чоо-жайын айтты

Мамлекеттик башкаруу академиясы 13 млн сомдун чоо-жайын айтты

Жусуп Абдрахманов атындагы Мамлекеттик башкаруу академиясы Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү талабы тууралуу түшүндүрмө таратты.

Маалыматка ылайык, аталган кызмат окуу жайды текшерип, жыйынтыгында 2020-2024-жылдар аралыгында окуган студенттерге 13 млн сом кайтарып берүү керектигин эскерткен.

"Академия окуу процессин уюштуруу алкагында келишимдеги милдеттерин толук аткарган жана окуусун ийгиликтүү аяктаган студенттер мамлекеттик үлгүдөгү диплом алышкан", - деп жазылган маалыматта.

Академия ошондой эле окуу акысы 2014-жылдан берки келишим боюнча жылына 46 миң сомду түзөрүн, ошол бойдон келе жатканын, социалдык жоопкерчилик принцибинин негизинде бул сумма өзгөрүүсүз каларын кошумчалаган.



Мопонолияга каршы жөнгө салуу кызматынын башчысы Жээналы Орозбаев 26-январда Жогорку Кеңештин Каржы, бюджет, ишкерлик жана атаандаштыкты өнүктүрүү комитетинин жыйынында окуу жайлардагы келишим баалар көтөрүлүп жатканы тууралуу маалымат берген. Ал 2016-жылы билим берүү системасындагы мекемелер мамлекеттик тескөөгө алынгандан бери айрым окуу жайлар келишим акысын 200%га чейин жогорулатып жиберишкенин айткан.

Орозбаевдин сөзүнө караганда, текшерүү учурунда Кыргыз улуттук университетине 23 млн сом, ал эми президенттин алдындагы Мамлекеттик башкаруу академиясына 13 млн сомду студенттерге кайтарып берүү талабы менен эскертүү берилген.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкекте жылуулук менен камсыздоо иши 5 күнгө чейин созулат

Бишкек шаарында 28-октябрдан тарта жылытуу сезону башталат. Учурда муниципалдык "Бишкек ЖЭБ" жана "Бишкекжылуулуктармагы" ишканалары жылуулук берүүгө даяр. "Бишкек ЖЭБ" мекемеси билдиргендей, имараттар жылуулук берүү тутумуна этап-этабы менен кошула баштайт. Биринчи кезекте жылуулук мектептерге, бала бакчаларга жана саламаттык сактоо мекемелерине берилип, андан кийин

Ишкер Media
Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планын өзгөртүү сунушталды

Чүй облусунун Сокулук районундагы Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушталууда. Тиешелүү долбоор Кожомкул айыл өкмөтү тарабынан коомдук талкууга чыгарылды. Долбоорго ылайык, Кожомкул айылынын Башкы планына өзгөртүүлөрдү киргизүүнүн максаты — жер ресурстарын сарамжалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу, калктуу конуштун аймагын пландаштырууну тартипке келтирүү, калк үчүн жашоого ыңгайлуу шарттарды түзүү жана

Ишкер Media
Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанга сырттан алма ташып келүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда алма импортуна 2027-жылдын 1-февралына чейин тыюу салынды. Тиешелүү токтомго КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев кол койду. Айыл чарба министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө мөмө берүүчү алма бактарынын жалпы аянты 26 324 гектарды түзөт. Ал эми 2026-жылы алманын түшүмү 179 393 тоннага жетери болжолдонууда. Расмий маалыматтарга ылайык,

Ишкер Media
Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 5 жылда эки эсеге өстү

Тогуз-Торо районунун бюджети 2021-жылга салыштырмалуу эки эсеге жакын көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 26-октябрда район тургундары менен жолугушууда билдирди. Мамлекет башчысынын айтымында, 2021-жылы райондун бюджети 69 млн сомду түзсө, 2025-жылдын жыйынтыгында 132 млн сомго жеткен. Мындан тышкары, 2026-жылдын тогуз айында райондогу 6 капиталдык

Ишкер Media