Тимур Малбашев “Кыргыз мунай компаниясынын” директору болуп дайындалды

Тимур Малбашев “Кыргыз мунай компаниясынын” директору болуп дайындалды

Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы "Кыргыз мунай компаниясы" мамлекеттик ишканасынын директору болуп Малбашев Тимур Жарышбекович дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев кол койгон.

Расмий маалыматка ылайык, Тимур Малбашев 1984-жылдын 22-мартында туулган. Ал МУКтун Бизнес жана туризм башкаруу институтун 2006-жылы аяктаган.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Кыргызстан менен JICA кызматташууну кеңейтет

Экономика жана коммерция министрлигинде министрдин орун басары Беназир Нурланова Япониянын Эл аралык кызматташтык агенттигинин (JICA) Башкы кеңсесинин Борбор Азия жана Кавказ бөлүмүнүн директорунун улук орун басары Сонояма Юка менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар көп жылдык өнөктөштүктүн учурдагы жыйынтыктарын талкуулап, өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсүнүн алкагында кызматташуунун жаңы багыттарын белгилешти.  Тараптар өзгөчө көңүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймактарындагы жолдорду куруу, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти. Акыркы күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу айрым унаа жолдорунда тоо боорунан таш жана кар көчкүлөр түшүп, алар ыкчам түрдө тазаланууда. Бүгүнкү күндө республиканын стратегиялык жана ички

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

Айыл чарба тармагына 63 даана жаңы техника тапшырылды

2026-жылдын 8-апрелинде КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигине 63 даана атайын техниканын ачкычтарын расмий түрдө тапшырды. Маалыматка ылайык, жаңы техникалардын 40 даанасы мамлекеттик бюджеттин эсебинен сатылып алынып, ага 128 млн сом жумшалган. Калган 23 техника эл аралык институттардын колдоосу менен

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

БШК депутат Абдылдабек Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотту

Бүгүн, 8-апрелде КРнын Борбордук шайлоо комиссиясынын отурумунда Жогорку Кеңештин депутаты Абдылдабек Жолдошалиевич Эгембердиевдин ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу тууралуу чечими кабыл алынды. БШКнын маалыматына ылайык, депутаттын ыйгарым укуктары анын жеке арызынын негизинде токтотулуп, анын депутаттык ырастамасы жараксыз деп табылды. Эскерте кетсек, Абдылдабек Эгембердиев Жогорку Кеңешке №19 көп мандаттуу шайлоо округунан