Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Өлкө аймагында жол курулушу жана тазалоо иштери күчөтүлдү

Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол тейлөө ишканалары тарабынан өлкө аймактарындагы жолдорду куруу, оңдоо жана калыбына келтирүү иштери үзгүлтүксүз уланууда. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Акыркы күндөрү аба ырайынын туруксуздугуна байланыштуу айрым унаа жолдорунда тоо боорунан таш жана кар көчкүлөр түшүп, алар ыкчам түрдө тазаланууда.

Бүгүнкү күндө республиканын стратегиялык жана ички чарбалык маанидеги жолдорунда төмөнкү иштер аткарылды:

№18 Жол тейлөө ишканасы тарабынан Түндүк–Түштүк альтернативдик унаа жолунун Арал – Казарман тилкесинин 266–267-чакырымдарында таш көчкү тазаланып, жер жумуштары жүргүзүлдү. Жалпысынан 1 160 куб метр таш жана топурак чыгарылды.
№1 Жол тейлөө ишканасы Кара-Сакал – Токбай – МТФ №2 унаа жолунун Кызыл-Туу айылына кире беришиндеги 2,7 чакырым жолго асфальт-бетон төшөө иштерин толук аяктады.
№25 Жол тейлөө ишканасы "Ала-Арча" автожолунда жолдун сапатын жакшыртуу максатында аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин жүргүзүүдө.
№43 Жол тейлөө ишканасы Красная Речка – Ысык-Ата унаа жолунда планга ылайык жолду калыбына келтирүү жана аң-чөнөктөрдү жамоо иштерин улантууда.

Министрликке караштуу бардык Жол тейлөө ишканалары жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо жана жарандар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытында ишин улантууда.

Мындан тышкары окуңуз

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

Телефон тыңшоо мыйзамы парламентте биринчи окууда колдоо тапты

УКМК өзгөчө кырдаал же аскердик абал учурунда мобилдик түзүлүштөрдү өчүрүү, уюлдук операторлордун маалымат базаларына кирүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. УКМКныын орун басары Алишер Эрбаев бул мыйзам Санарип кодексинин кабыл алышына байланыштуу, бирдиктүү санарип терминологиясын жана укуктук шайкештикти камсыздоо максатында сунушталганын айтты. Ал буга чейин билдиргендей, эгер атайын кызматтар жарандардын телефонун тыңшай

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек менен Татарстан шаар башкаруу боюнча өнөктөштүктү күчөтөт

Бишкек шаарынын мэри Айбек Джунушалиев Татарстан Республикасынын Премьер-министринин орун басары Василь Шайхразиев менен жолугушту. Мэриянын маалыматына ылайык, жолугушууда тараптар муниципалдык кызматташтыкты өнүктүрүү, шаардык башкаруу жаатында тажрыйба алмашуу, инфраструктураны жакшыртуу, коомдук транспорт жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерин талкуулашты. Василь Шайхразиев Бишкекке буга чейин дагы бир нече жолу келгенин белгилеп,

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкекте электр чыгырыктарынын ылдамдыгын 15 км/саатка түшүрүү сунушталды

Бишкек шаарынын мэриясы жол кыймылынын коопсуздугуна байланыштуу токтом долбоорун коомдук талкууга чыгарды. Анда электросамокаттар жана башка жеке мобилдүүлүк каражаттары үчүн уруксат берилген эң жогорку ылдамдыкты саатына 25 чакырымдан 15 чакырымга чейин төмөндөтүү сунушталууда. Мэриянын маалыматына ылайык, бул демилге жөө жүргүнчүлөрдүн жана жеке мобилдүүлүк каражаттарын колдонгондордун коопсуздугун жогорулатууга багытталган. Белгиленгендей, акыркы

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Кыргызстан климаттык туруктуулукту чыңдоого 27 млн доллар жумшайт

Бишкек шаарында жергиликтүү жамааттардын климаттык туруктуулугун бекемдөө маселелерине арналган Диалог уюштурулду. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришти. Иш-чара Дүйнөлүк банктын колдоосу менен ишке ашырылып жаткан Коомчулуктардын демилгеси боюнча улуттук долбоордун (КДУД) алкагында өттү. Жыйынга Кыргызстан менен катар Өзбекстан жана Тажикстандан өкүлдөр катышты. Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков аймактарды