А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

А.Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана атайын техника тапшырды

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Өзгөчө кырдаалдар министрлигине атайын техникаларды тапшырды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарада Министрлер Кабинетинин башчысы куткаруучуларды Ата Мекенди коргоочулар күнү менен куттуктап, бул күн эрдиктин жана баатырдыктын символу экенин белгиледи. Ал ошондой эле куткаруучулардын өлкөнүн ичинде жана чет өлкөдө татаал милдеттерди аткарып жатканын белгилеп, Ысык-Көлдөгү экосистеманы сактоого кошкон салымын белгиледи.

Акыркы беш жылда министрлик 652 даана автотранспорт жана атайын техника менен камсыздалып, ага 7 млрд сом бөлүнгөн. Бүгүн дагы 116 даана атайын техника тапшырылып, бул көз карандысыздык жылдарындагы эң масштабдуу модернизациялоо этабы болуп, техникалык парктын толугу менен жаңыланганын тастыктайт.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы куткаруучулардын өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча күнүмдүк кызматы үчүн ыраазычылык билдирип, бекем ден соолук, үй-бүлөлүк бакубатчылык жана жаңы кесиптик ийгиликтерди каалады.

Мындан тышкары окуңуз

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

Адылбек Касымалиев иш сапары менен АКШга барат

КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Вашингтон шаарына иш сапары менен барып, Эл аралык валюта фондунун жана Дүйнөлүк банк тобунун жазгы жыйындарына катышып келет. Сапардын алкагында ал Дүйнөлүк банктын жогорку жетекчилиги менен, анын ичинде Операциялык ишмердүүлүк боюнча башкаруучу директору Анна Бьерде жана Европа жана Борбордук Азия региону боюнча вице-президенти Антонелла

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Айсулуу Тыныбекова 2028-жылкы Олимпиада оюндарына катышарын билдирди

Кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземинде спортко кайтып, Олимпиада оюндарына катышарын айтты. "2028-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына катышам. Ошондуктан мен спортко кайтам”, - деди спортчу. Жайкы Олимпиада оюндары АКШнын Лос-Анжелес шаарында 2028-жылдын 14-30-июль күндөрү өтөт. Балбан Айсулуу Тыныбекова - Азиянын алты жолку чемпиону,

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Мамлекет башчы Араванда эл менен жолугушуп, алардын суроолоруна жооп берди

Президент Садыр Жапаров бүгүн Ош облусунун Араван районунда жергиликтүү актив жана тургундар менен жолугушуу өткөрдү. Иш-чара ачык суроо-жооп форматында өтүп, анда аймактагы негизги көйгөйлөр көтөрүлдү. Жолугушууда тургундар мектеп жана бала бакча куруу, билим берүү мекемелерин кеңейтүү, жер тилкелерин берүү, ирригация системасын жакшыртуу, газдаштыруу, медициналык тейлөө жана жол инфраструктурасы боюнча маселелерди

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Садыр Жапаров Араван районунун өнүгүү долбоорлору менен таанышты

Президент Садыр Жапаров 11-апрелде Ош облусуна болгон иш сапарынын алкагында Араван районуна барып, аймакты өнүктүрүү боюнча пландар менен таанышты. Бул тууралуу Президенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. Араван районунун акими Данияр Эркимбаев мамлекет башчысына акыркы жылдары аткарылган иштер жана келечектеги долбоорлор тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, 2021–2025-жылдары жол тармагына 954