Ош шаары 100 күндүк өнүгүү планын иштеп чыгат
Ош шаары 100 күндүк стратегиялык өнүгүү планын даярдап жатканын түштүк борбордун мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, шаар мэри Жанарбек Акаев аппараттык жыйын өткөрүп, президент тарабынан коюлган тапшырмаларды аткарууда ар бир мүнөт маанилүү экенин белгиледи.

"Стратегиялык план социалдык тармакты, экономиканы жана курулуш тармагын камтыйт. Мэр иштин ыргагын жайлатпоону өтүнүп, кызматкерлерди кызматтык милдеттерин аткарууда мамлекеттик этиканы сактоого чакырды", — деп айтылат маалыматта.