Сот аткаруучулар "СААБ Строй" ЖЧКсынан 4 млн 230 миң 477 сом өндүрдү

Сот аткаруучулар "СААБ Строй" ЖЧКсынан 4 млн 230 миң 477 сом өндүрдү

Сот аткаруучулар кызматы "СААБ Строй" ЖЧКсы компаниясынан 4 млн 230 миң 477 сом өлчөмүндөгү салык карызын өндүрүп, каражатты Салык кызматынын пайдасына өткөрдү.

Ведомствонун маалыматына ылайык, аталган кызматтын Аламүдүн райондук бөлүмү аткаруу өндүрүшүнүн алкагында көрсөтүлгөн сумманы толук өндүрүүнү камсыз кылган.

Белгиленгендей, аткаруу өндүрүшү Аламүдүн райондук сотунун чечиминин негизинде козголгон. Карыз тарапка соттун чечимин ыктыярдуу аткаруу сунушталып, аткарылбаган учурда мыйзамда каралган чаралар көрүлөрү эскертилген.

Юстиция министрлигинин маалыматына ылайык, компаниянын жетекчиси — Замирбек Султонов, ал эми негиздөөчүсү — Илимбек Бакиров.

Компания турак жай жана турак эмес имараттарды куруу менен алектенет, 2020-жылы юстиция органдарында катталган. Компания 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча салык төлөө боюнча ири карызкорлордун тизмесине кирген.

Мындан тышкары окуңуз

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Беловодское айылында акцизи жок 1 млн сомдук тамеки табылды

Чүй облусунун Москва районунун Беловодское айылында жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө акциздик маркасы жок тамеки продукциясы аныкталды. Бул тууралуу Салык кызматынан билдиришти. Мамлекеттик салык кызматынын маалыматына ылайык, текшерүү учурунда андан ары сатуу максатында сакталган 7 миң 540 куту тамеки табылган. Алардын жалпы баасы болжол менен 1 млн сомду түзөт. Аталган факт боюнча

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

ЖК комитети "Баатыр энелердин" балдарына жеңилдик берүү долбоорун жактырды

13-апрелде Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин жыйынында "Баатыр эне" ордени менен сыйланган энелердин балдарына мамлекеттик билим берүүдө жеңилдиктерди берүү тууралуу токтом долбоору каралып, жактырылды. Бул тууралуу ЖКнын Басма сөз кызматынан билдиришти. Долбоордун демилгечилеринин бири, депутат Медер Чотонов билдиргендей, документтин максаты энелердин өзгөчө эмгегин таануу, социалдык адилеттүүлүктү камсыз кылуу жана

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

Кыргызстанда ШКУ алкагында агрардык жыйын өткөрүлөт

16-апрелде Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө мамлекеттердин өсүмдүктөрдү карантиндөө жана коргоо тармагындагы министрликтеринин жана ведомстволорунун жетекчилеринин үчүнчү жыйыны өтөт. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара Кыргыз Республикасынын ШКУдагы төрагалыгынын алкагында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

"Келечек" базарындагы ишкер президент С.Жапаровго коррупция боюнча даттанды

Ишкер айым Мээрим Ош шаарындагы "Келечек" базарын көчүрүү маселесин көзөмөлгө алууну Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдон суранды. Анын айтымында, сырттан жардам болбосо, "Келечек" базары коррупцияга батып, бул абалдан чыга албай жатат. Ал түшүндүргөндөй, базарды көчүрүү тууралуу сөз болгондо соодагерлер биригип ассоциация түзүшкөн. Бирок азыр бул ассоциациянын башчысы