Улугбек Карыбек уулу Ошто 18 гектар жерди мыйзамсыз басып алган жаранды жазалоону сунуштады
Депутат Улукбек Карыбек уулу Жогорку Кеңештин жыйынында 18 гектар жерди мыйзамсыз басып алган коррупционерди жазалоого чакырды.
Анын айтымында, мурда журналист болуп жүргөн учурда ал Чек-Абад айыл өкмөтүндө (Араван району, Ош облусу) мурдагы чекист Шералы Нурмуратов 18 гектар жерди мыйзамсыз басып алганын бир нече жолу өз материалдарында жазган.
"Ал бул жерге объектилерди куруп, кийин башка адамдарга сатып жиберген. Бирок байланыштарынын жана коррупциянын аркасында бул факт көп жылдар бою жабылып келген. Эми ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдар текшерүү жүргүзүп, жер маселесин мамлекеттин жана элдин пайдасына чечиши керек", — деди депутат.