Мамлекет 2025-жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом жумшаган
Өткөн жылы окуу китептерин чыгарууга 856 млн сом багытталганын республикалык жыйында Эдиль Байсалов билдирди.
Анын айтымында, салыштыруу үчүн: 2021-жылы бул сумма 63,5 млн сомду түзүп, 329 миң нуска окуу китеби басылып чыккан.
Эдиль Байсалов республикада 2 миң 394 мектеп бар экенин, анда 1,5 млн бала билим алып жатканын кошумчалады.
Анын маалыматына ылайык, өткөн жылы 76 жаңы мектеп пайдаланууга берилди, 41 мектепте капиталдык оңдоо иштери жүргүзүлдү. Бул чаралар 17 миң жаңы окуучу орундарын түзүүгө мүмкүндүк берди. Бардык билим берүү мекемелери интернет менен камсыздалган.