Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу жөнүндө макулдашуу колдоого ээ болду
Бүгүн Жогорку Кеңештин Финансы, бюджет, ишкердик жана атаандаштыкты өнүктүрүү боюнча комитети Кыргыз Республикасы менен Евразия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Ош шаарынын жолдорун жакшыртуу" долбоору боюнча Каржылоо жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун биринчи окууда карап, жактырды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматынан билдиришти.
Аталган макулдашууга 2025-жылдын 29-декабрында Бишкек шаарында кол коюлган.
Долбоор Ош шаарынын жол инфраструктурасын өнүктүрүүнү көздөйт. Анын алкагында узундугу 3,2 чакырым болгон жол тилкеси жана 2 эстакадалык көпүрө курулат.
Тактап айтканда, Ж. Бабараимов жана Шамшат көчөлөрүндө эстакадалык көпүрөлөр, Ак-Буура дарыясы аркылуу көпүрө куруу, ошондой эле жолдорду бөлүүчү тилкеси менен 4-6 тилкеге чейин кеңейтүү пландалууда.