ЖКда чек арадагы эки өткөрүү пунктунун макамын өзгөртүү сунушу колдоо тапты
Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы чек ара өткөрүү пункттары боюнча макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматты Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитеттин төрайымы Эльвира Сурабалдиева тааныштырды.
Протоколго ылайык, "Камышановка — автожол" өткөрүү пунктунун аталышы "Төмөнкү Чүй — автожол" болуп өзгөртүлүп, анын макамы эл аралык деңгээлге көтөрүлөт жана иштөө режими сутка бою иштөө тартибине өткөрүлөт. Ошондой эле "Кичи-Капка — автожол" өткөрүү пункту да эл аралык макамга ээ болот.
Депутаттар талкууда чек арадагы кыйынчылыктар жана экспортчулар туш болгон маселелерди да көтөрүштү.
Мындан тышкары, жыйында Кыргызстан менен Беларусь ортосундагы реадмиссия тууралуу макулдашууну ратификациялоо жөнүндө мыйзам долбоору экинчи жана үчүнчү окууда колдоо тапты.