Сөөк коюу жөлөкпулунун туруктуу өлчөмдөрүн киргизүү сунушталды

Сөөк коюу жөлөкпулунун туруктуу өлчөмдөрүн киргизүү сунушталды

Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги сөөк коюуга берилүүчү жөлөкпулдун туруктуу өлчөмдөрүн белгилөөнү сунуштады. Тийиштүү токтом долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Учурда сөөк коюуга берилүүчү жөлөкпулдун өлчөмү өкмөттүн жобосу менен жөнгө салынат. Эсептөө 2010-жылдагы орточо айлык маянага — 7189 сомго негизделет.

Төлөмдөр бул сумманын пайыздары боюнча жүргүзүлөт:

  • 100% (7189 сом) — иштеген адам каза болгондо;
  • 50% (3595 сом) — жеке ишкер, дыйкан чарбасынын башчысы, расмий жумушсуз, иштеген адамдын багуусундагы адам же социалдык жөлөкпул алуучу каза болгондо;
  • 20% (1438 сом) — жогорудагы категориялардагы адамдардын багуусундагы үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондо.

Министрликтин маалыматына ылайык, 10 жылдан ашык убакыттан бери бул жөлөкпул индексацияланган эмес. Ошондуктан анын өлчөмү жашоо минимумуна (2025-жылга — 9738,29 сом) жана сөөк коюуга кеткен реалдуу чыгымдарга туура келбей калган.

Ошондой эле орточо айлык маяна:

  • 2010-жылы — 7189 сом,
  • 2025-жылы — 42 миң 919 сомго чейин өскөн.

Ал эми керектөө бааларынын индекси болжол менен 2,65 эсеге көбөйгөн.

Долбоор менен төмөнкү өзгөртүүлөр сунушталууда:

  • №192 токтомду күчүн жоготту деп таануу;
  • эсептөө базасы катары "2010-жылдагы орточо айлык маянаны" колдонбоо;
  • жөлөкпулдун туруктуу өлчөмдөрүн эсептик көрсөткүчкө (100 сом) негиздеп белгилөө.

Жаңы сунушталган өлчөмдөр:

  • 120 эсептик көрсөткүч (12 миң сом) — иштеген адам каза болгондо;
  • 80 эсептик көрсөткүч (8 миң сом) — жеке ишкер, дыйкан чарбасынын башчысы, расмий жумушсуз же иштеген адамдын багуусундагы адам каза болгондо;
  • 50 эсептик көрсөткүч (5 миң сом) — жогорудагы категориялардагы адамдардын багуусундагы башка үй-бүлө мүчөлөрү каза болгондо.

Министрликтин маалыматына ылайык, жыл сайынгы өлүм статистикасын эске алганда:

  • бюджеттен жалпы керектелген каражат 26,5 млн сом,
  • кошумча керектөө жылына болжол менен 14,7 млн сомду түзөт.

Жаңы өлчөмдөрдү 2028-жылдын 1-январынан тартып күчүнө киргизүү сунушталууда. Бул бюджеттин туруктуулугун сактоо жана чыгымдарды алдын ала пландоо үчүн зарыл экени айтылат.

Ошондой эле долбоордо убактылуу эмгекке жарамсыздык, кош бойлуулук жана төрөт боюнча жөлөкпулдарды эсептөө тартиби жаңыланат. Анда мурда күчүн жоготкон 1999-жылдагы №408 токтомуна шилтеме алынып салынат.

Министрликтин маалыматы боюнча, бул өзгөртүүлөр укуктук ченемдерди бирдиктүү кылууга жана мыйзамдарды колдонууда карама-каршылыктарды жоюуга жардам берет.

Мындан тышкары окуңуз

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Садыр Жапаров: Чүй облусун өнүктүрүүгө 10 млрд сом бөлүндү

Бүгүн президент Садыр Жапаров Чүй облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Мамлекет башчысы маараке өткөн тарыхты эскерүү менен гана чектелбестен, келечекке жаңы максаттарды коюуга түрткү бериши керектигин белгиледи. Президенттин айтымында, Чүй облусу өлкөнүн социалдык-экономикалык жана коомдук-саясий өнүгүүсүндө өзгөчө орунду ээлейт. Аймак мамлекеттүүлүктүн калыптанышында, азык-түлүк

Ишкер Media
Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматында жетекчи алмашты

Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасы Алмаз Салиев кызматынан бошотулду. Тиешелүү жарлыкка өлкө башчысы Садыр Жапаров кол койгонун президенттик администрациядан билдиришти. Салиев бажы органдарындагы кызматын 2003-жылдын майында баштаган. 2025-жылдын 19-февралында Министрлер кабинетинин тескемеси менен Бажы кызматынын төрагасы болуп дайындалган. 2026-жылдын май айында ага "Бажы кызматынын генерал-майору&

Ишкер Media
50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

50 миң сомго жасалма iPhone саткан жаран кармалды

Аламүдүн районунда телефон сатуудагы алдамчылыкка шектелип 42 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, 1-октябрда Ж.Э. аттуу жаран милицияга кайрылган. Анын айтымында, белгисиз адам ишенимине кирип, 50 миң сомго iPhone 17 Pro Max саткан, бирок кийин ал жасалма

Ишкер Media
Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media