Маданият министрлигинде бир катар финансылык мыйзам бузуулар аныкталды
Эсептөө палатасы тарабынан Маданият, маалымат жана туризм министрлигинде жана анын карамагындагы ведомстволук мекемелерде 2024-жылдын 1-январынан 2024-жылдын 31-декабрына чейинки мезгил аралыгында бюджеттин аткарылышына шайкештик аудити жүргүзүлгөнүн ведомстводон маалымдашты.
Аудиттин жыйынтыгында финансылык тартиптин сакталуусун камсыз кылуу боюнча ички көзөмөл жетишсиз деңгээлде жүргүзүлгөнү аныкталды. Натыйжада бир катар багыттар боюнча мыйзамдардын жана белгиленген жол-жоболордун талаптарына толук шайкеш келбеген учурлар катталган.
Тактап айтканда, эмгек акы төлөө, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү, ошондой эле товардык-материалдык баалуулуктардын эсебин жүргүзүүдө олуттуу айырмачылыктар аныкталды.


Мындан тышкары, мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүдө жана келишимдерди түзүүдө процедуралык мүнөздөгү бузуулар орун алган. Атап айтканда, келишимдер боюнча 10%дан ашык өлчөмдө аванстык төлөмдөрдүн жүргүзүлүшү, ошондой эле тиешелүү мониторинг жүргүзүлбөстөн сатып алууларды ишке ашыруу фактылары аныкталды.
Ошондой эле эмгек акы төлөөгө байланышкан чыгымдарда, кызматтык иш сапарлар боюнча каражаттарды пайдаланууда, мамлекеттик мүлктү колдонууда, бухгалтердик эсеп жана финансылык отчеттуулукту жүргүзүүдө бир катар финансылык жана жол-жоболук бузуулар катталды. Айрым учурларда курулуш-монтаждоо иштеринин наркы же көлөмү негизсиз жогорулатылганы да белгиленди.