Токмок шаарынын экс-мэри М.Нусувалиев жана мэрия кызматкерлер үй камагына чыгарылды
Бишкек шаардык соту 10-мартта Токмок шаарынын мурдагы мэри Максат Нусувалиевге, мэриянын муниципалдык менчик башкармалыгынын мурдагы жетекчисине (Т.у.А.), техникалык көзөмөл боюнча мурдагы адиске (А.А.Э.) жана “Аль-Кадыр-Сантехсервис” ишканасынын башчысына (К.Т.Э.) чыккан райондук соттун өкүмүн жокко чыгарып, ишти райондук сотко кайра кароого жөнөттү.
Алардын баары теӊ камактан бошотулуп, үй камагына чыгарылганын бүгүн Бишкек шаардык соту ырастады.
Бишкектин Октябрь райондук соту 2025-жылдын ноябрь айында Максат нусувалиевди 13 жылга кескен. Дагы 3 шектүүнүн ар бири 12 жылдан эркиндигинен ажыратылып, дагы бир шектүү 11 жылга соттолгон. Андан соң сот алардын мүлкүн конфискация кылган.
Максат Нусувалиев жана башка шектүүлөр былтыр 24-июнда УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин буйругу менен Токмоктогу жыйында кармалган болчу.

Аларга “Токмокто сейил бакты көрктөндүрүү, шаардагы спорт мектебин оңдоо иштеринде кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган жана коррупциялык иштерди жасаган” деген айып тагылып, Кылмыш-жаза кодексинин “Коррупция” беренеси менен иш козголгон.
Максат Нусувалиев Токмок шаарынын мэри кызматына 2023-жылы май айында дайындалган. Ага чейин Бишкек мэриясынын Транспорт жана жол-транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү департаментинин директору болуп иштеген.