Кыргызстандын ИДПсы 2 айда 264,1 млрд сомго жетти
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык кеңешме өткөрдү. Жыйында 2026-жылдын январь-февраль айларындагы социалдык-экономикалык өнүгүүнүн жыйынтыктары, бюджеттин аткарылышы, жаңы 100 күндүк реформалар жана жазгы талаа иштерине даярдык каралды. Бул тууралуу Өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалымат боюнча, январь-февраль айларында өлкөнүн ички дүң продукциясы 264,1 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 8,8%га өстү. Курулуш тармагы 23,2%, кызмат көрсөтүү 6,7%, айыл чарбасы 2,6% өссө, өнөр жай 15,5%га жогорулады.
Жыйында бюджеттин аткарылышы да талкууланып, салык жана бажы кызматтары, ошондой эле Финансы министрлиги маалымат берди. Бюджеттик тапшырмаларды өз убагында жана толук аткаруу зарылдыгы белгиленди.
“Өкмөттүк акселераторлор” программасынын алкагында эки реформа сунушталды. Биринчиси — баалуу кагаздар рыногунда кардарларды дистанциялык санариптик идентификациялоо. Бул брокердик эсептерди аралыктан ачууга мүмкүнчүлүк берип, идентификация процессин 15 мүнөткө чейин кыскартат.
Экинчи реформа — ден соолук маалымкаттарын санариптештирүү. “Санарип Клиника” системасы жана “Түндүк” тиркемеси аркылуу медициналык сертификаттын электрондук версиясы киргизилет. Натыйжада каттоо мөөнөтү 8 күндөн 4 күнгө чейин кыскарып, медициналык мекемелерге кайрылуу 5тен 2ге чейин азаят.
Тиешелүү мамлекеттик органдарга бул реформаларды 100 күндүн ичинде ишке ашыруу тапшырылды.
Ошондой эле жыйында жазгы талаа иштерине даярдык каралып, аймактардагы даярдыкты күчөтүү жана дыйкандарды керектүү ресурстар менен камсыз кылуу боюнча тапшырмалар берилди.