Кумтөрдүн дүң кирешесинин 0,6%ы Нарынды өнүктүрүүгө багытталып жатат – Садыр Жапаров
Кумтөрдүн дүң кирешесинен 0,6 пайызы “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшүп жатканын Нарында өтүп жаткан Нооруз майрамында куттуктоо сөзүн сүйлөп жатып президент Садыр Жапаров билдирди.
Президенттин айтымында, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6%ы облустун “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна түшө баштады.
“Бүгүнкү күнгө чейин “Теңир-Тоо” өнүктүрүү фондуна 2 млрд сомго жакын акча каражаты топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталды”, — деди өлкө башчысы.
Президент атаган долбоорлордун катарында – ипотекалык турак жайлар, Нарын аэропорту, автобекети бар.