Эки айда КММ арзандап, кийим, турмуш-тиричилик техникасынын баасы өстү

Эки айда КММ арзандап, кийим, турмуш-тиричилик техникасынын баасы өстү

Кыргызстанда 2026-жылдын январь–февраль айларында азык-түлүк эмес товарлардын бааларынын индекси 0,4%га жогорулап, инфляцияга кошкон салымы 0,12%дык пунктту түзгөнү статистикалык маалыматтарда айтылат.

Эң чоң өсүш кийим-кече жана бут кийим боюнча катталып, баалар 1,2%га жогорулаган. Алардын инфляцияга кошкон салымы 0,13%дык пункт болгон.

Мындан тышкары, үй тиричилик буюмдары жана турмуш-тиричилик техникаларынын баасы 2%га өсүп, инфляцияга 0,07%дык пункт салым кошкон.

Ошол эле учурда турак жай кызматтары, суу, электр энергиясы, газ жана башка отун түрлөрүнүн баасы 1,1%га төмөндөгөн. Бул категориянын инфляцияга кошкон салымы минус 0,12%дык пунктту түзгөн.
Ошондой эле күйүүчү-майлоочу материалдар(КММ) рыногунда да төмөндөө байкалган. КММдин баасы 1,9%га арзандап, инфляцияга терс таасири 0,04%дык пункт болгон. Тактап айтканда, бензин 2,1%га, ал эми дизелдик отун 2,8%га арзандаган.

Баалардын төмөндөшү декабрдын аягында орусиялык мунай иштетүүчү заводдор салттуу түрдө сунуштаган сезондук арзандатуулар, ошондой эле күйүүчү майды төмөн баада сатып алуу менен байланыштуу.

Маалыматта белгиленгендей, 2025-жылдын декабрь айында КММдин дүң баалары бир аз төмөндөп, андан кийин айрым компаниялар күйүүчү майды төмөн баада жеткирүү боюнча келишимдерди түзүшкөн. Бул партиялар Кыргызстанга келип түшкөндөн кийин, айрым май куюучу жайларда баалар 1 сомго жана андан да көпкө арзандаган.

Мындан тышкары окуңуз

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге фитосанитардык талаптарды бузгандар жазаланаары айтылды

Ишкерлерге текшерүүгө тыюу салуу боюнча президенттин жарлыгына киргизилген өзгөртүүлөрдүн маңызы түшүндүрүлүүдө. Бул тууралуу Айыл чарба министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, 9-октябрда Ветеринардык жана фитосанитардык көзөмөл кызматынын Бишкек жана Чүй боюнча инспекторлору борбордогу коомдук тамактануу жайларында, ветеринардык дарыканаларда жана эт сатуу түйүндөрүндө мониторинг жүргүзүштү. Санитардык абал, ветеринардык документтер жана талаптардын сакталышы текшерилди.

Ишкер Media
Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

Кыргызстан менен Монголия соода-экономикалык кызматташтыкты талкуулашты

9-октябрда экономика жана коммерция министринин орун басары Султан Ахматов Монголиянын Кыргызстандагы Элчиси Дэмчигийн Тэгшжаргал менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, жолугушууда эки тараптуу соода-экономикалык кызматташтык, өз ара соода жүгүртүүнү көбөйтүү, өнөр жай кооперациясын өнүктүрүү жана биргелешкен долбоорлор талкууланды. Ошондой эле ишкерлер ортосундагы байланышты

Ишкер Media
"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

"Кошой" ААК заводунда электрондук кезек фермерлердин ишин жеңилдетти

Сокулуктагы "Кошой" ААК кант заводунда 2 жылдан бери электрондук кезек системасы иштеп жатат. Анын аркасында кант кызылчасын ташыган унаалар кезек күтпөстөн, код аркылуу заводго кирип, кант кызылчасын тапшырып, кайра эгин талаасына барып, бир күндө 2 жолудан каттап жатышат. Борбордук кант кызылчасын кабыл алуу пунктунун башчысы Каныбек Талангутовдун айтымында,

Ишкер Media
Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Садыр Жапаровдун Түркмөнстанга иш сапары аяктады

Өлкө башчысы Садыр Жапаровдун 8-9-октябрда Түркмөнстанга болгон иш сапары жыйынтыкталды. Бул тууралуу президенттин администрациясы билдирди. Маалыматка ылайык, 8-октябрда мамлекет башчысы Борбордук Азия жана Азербайжан лидерлеринин Консультативдик жолугушуусуна катышып, мөңгүлөрдү жана тоо экосистемаларын сактоонун маанилүүлүгүн белгиледи. Жыйынтыгында лидерлер Биргелешкен билдирүүгө кол коюшту. Ошол эле күнү Садыр Жапаров Түркмөнстандын

Ишкер Media