Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына иш сапары менен барды

Бүгүн, КРнын Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Казакстан Республикасына жумушчу сапары менен келди. Министрлер Кабинетинин Төрагасынын учагы Шымкент шаарынын эл аралык аэропортуна конду.

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев жумуш сапарынын алкагында Евразия өкмөттөр аралык кеңешинин кезектеги жыйындарына ошондой эле, “Digital Qazaqstan – 2026” (Санарип Казакстан — 2026) эл аралык санарип форумуна катышмакчы.

Кыргызстандан барган делегацияны Казакстандын Премьер-министринин орун басары — Жасалма интеллект жана санариптик өнүктүрүү министри Жаслан Мадиев жана башка расмий адамдар тосуп алышты. Аэропорттун флагштокторуна Евразия экономикалык биримдигине мүчө өлкөлөрдүн мамлекеттик туулары илинип, ардактуу кароол тизилди.

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Кыргызстан менен Кытай энергетика тармагында кызматташууну күчөтөт

Энергетика министри Таалайбек Ибраев Кытай Эл Республикасына болгон иш сапарынын алкагында бир катар энергетикалык жана технологиялык компаниялардын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрдү. Бул тууралуу Энергетика министрлигинен билдиришти. Сапардын жүрүшүндө министр Жухай шаарындагы өндүрүштүк объекттерди жана ShuiFa Group корпорациясын көрүп чыгып, эки тараптуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Жыйынтыгында Кыргызстан менен ShuiFa корпорациясынын ортосунда энергетикалык

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы өтөт

Кыргызстанда 30-марттан 3-апрелге чейин “Акчаны акыл менен башкар — үйүңдө береке болсун» деген ураан алдында Бүткүл дүйнөлүк акча жумалыгы болот. Бул ишчара өлкөнүн бардык аймактарын өзүнө камтып, жаштардын финансылык билимин жогорулатууга басым жасалмакчы. Мындай билдирүүнү иш-чаранын демилгечиси болгон КРнын Улуттук банкынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, иш-чара финансы-кредиттик уюмдар, мамлекеттик органдар, ошондой эле

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

Кыргызстандын калкынын саны 7,4 миллиондон ашты

2026-жылдын 1-февралына карата Кыргызстандагы туруктуу жашаган калктын саны 7 млн 413 миң 500 адамды түзгөнүн Улуттук статистикалык комитет маалымдады. Маалыматка ылайык, 1-февралга карата Бишкектеги элдин саны 1 млн 360,6 миң адамга жетти. Ош шаарында - 485,7 миң адам. Ош облусунда 1 млн 440,3 миң адам болсо, Жалал-Абад

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Шамалды-Сайда 330 орундуу бала бакча жаңыланып, пайдаланууга берилди

Ноокен районунун Шамалды-Сай шаарында 330 орундуу бала бакча капиталдык оңдоп-түзөөдөн кийин пайдаланууга берилди. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, оңдоо иштери республикалык бюджеттин эсебинен жүргүзүлүп, 36,9 млн сомдон ашуун каражат жумшалды. Натыйжада имарат толугу менен жаңыланып, заманбап шарттар түзүлдү. Ачылыш аземине катышкан облус башчысы Тилек Текебаев