УКМК "Оргтехстройдун" башкы директору И.К.М кармалганын билдирди
УКМК "өзгөчө ири өлчөмдөгү алдамчылык фактысы боюнча тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн "Оргтехстрой" курулуш компаниясынын башкы директору И.К.М кармалды" деп билдирди.
Маалыматта аталган мекеменин 1968-жылы туулган башчысы, Кыргызстандын жараны 24-мартта кармалганы, ал ишкананын негизги акционерлеринин бири жана иш жүзүндөгү ээси болуп туруп, инвесторлорду атайылап адаштырганы айтылат. Ал атайын кызматтын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
"Курулуш иштерин жүргүзүү үчүн каржы жетишсиз экенин билип туруп, ал компаниянын активдерин күрөө катары көрсөтүү менен инвестиция тарткан, бирок бул активдер буга чейин эле үчүнчү жактарга сатылып кеткен. "Эки жакка сатуу" деп аталган бул схема Кыргызстандын жарандарына олуттуу материалдык зыян келтирген. Кылмыш ишин козгоого жабыркаган жарандардын көптөгөн жамааттык кайрылуулары негиз болгон. Шектүүгө мурда эл аралык издөө жарыяланган", - деп айтылат УКМКнын маалыматында.
Атайын кызмат тараткан И.К.М деген инициал "Оргтехстрой" компаниясынын негиздөөчүсү, курулушчу, ишкер Канат Исмаиловдун аты-жөнүнө дал келет.
Быйыл марттын башында социалдык тармактарда Исмаиловдун видеокайрылуусу тараган, анда ал УКМК менен укук коргоо органдарынын кысымына кабылганын айткан. Видеону 3 жыл мурда тартып алганын айткан журналист Тынчтык Алтымышев аны эки апта мурда жарыялаган.
УКМК жана тиешелүү органдар ишкердин дооматына комментарий берген эмес. 2025-жылы июнда аталган курулуш компаниясынын директору Азамат Мелисов алдамчылыкка шек саналып кармалганын Ички иштер министрлиги кабарлаган.
"Оргтехстрой" компаниясы, кармалган ишкердин жакындары, адвокаттары УКМКнын акыркы маалыматына байланыштуу комментарий бере элек.