УКМК "Кыргыз почтасындагы" бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу аныкталды
УКМК "Кыргыз почтасы" ААКтын контролдук-ревизиялык башкармалыгынын көмөгү менен бюджеттик каражаттарды мыйзамсыз пайдалануу фактысын аныктаганын УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
"Кыргыз почтасы” ААКтын Сокулук филиалынын мурдагы башкы бухгалтери И.В.Б. 2025-жылдын август айынан 2026-жылдын январь айына чейинки аралыкта кызматтык абалынан пайдаланып, акча каражаттарын мыйзамсыз түрдө өзүнүн жеке банктык эсебине которуп турган", — деп айтылат маалыматта.
Аныкталгандай, келтирилген жалпы зыяндын суммасы 15 млн сомду түзөт.
"Аталган каражаттардын бир бөлүгүн И.В.Б. жеке максаттарына, анын ичинде Ысык-Көл облусу курорттук аймагынан кыймылсыз мүлк сатып алууга жумшаган", — деп билдирет мекеме.
Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин 3-бөлүгүнүн белгилери боюнча кылмыш иши козголду.
Азыркы учурда иштин бардык жагдайларын аныктоого багытталган тергөө-ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө, ошондой эле келтирилген зыянды өндүрүү боюнча чаралар көрүлүүдө.