"Кыргызнефтегаз" иши боюнча Шайырбек Ташиев 16-майга чейин СИЗОго камалды
Биринчи Май райондук соту Шайырбек Ташиевге карата бөгөт коюу чарасын тандаганын соттун басма сөз кызматы билдирди. Соттун чечими менен ал 16-майга чейин СИЗО-1га камакка алынды.
Адвокат Жыргал Бабаев анын кардары күнөөсүн моюнга албай турганын билдирди. Анын айтымында, айыптоо жетиштүү негизделген эмес, ошондуктан коргоо тарабы соттун чечимин даттанууну көздөп жатат.
Ошондой эле ал Ташиев көрсөтмө берип, тергөөнүн бардык суроолоруна жооп бергенин белгиледи. Азырынча кармоо шарттарына даттануулар жок.
Шайырбек Ташиев — мурдагы УКМК төрагасынын иниси болуп саналат. Ал "Кыргызнефтегаз" ААКтагы көп миллиарддык каражаттарды мыйзамсыз чыгарып кетүү иши боюнча фигурант катары өтүүдө.