Кыргызстанда "Мектеп 21" ачылып, IT адистер даярдалат
Мамлекет башчысынын демилгеси менен Кыргызстанда “Мектеп 21 - санариптик технологиялар мектеби” долбоору ишке кирип жатат. Бул долбоор аркылуу жарандар акысыз билим алып, жогорку квалификациялуу IT адиси болуп чыгышат жана көрүнүктүү компанияларга ишке орношо алышат.
Агартуу министрлигинин Башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын жетектөөчү адиси Расул Маматов "Кабар" агенттигине билдиришинче, “Мектеп - 21” долбоору Россиянын “Сбер” ачык акционердик коомунун мектеби болуп эсептелинет. 2024-жылы президент Садыр Жапаров аталган мекеменин башкы директору Герман Греф менен жолугушуусунда долбоорду Кыргызстанда ишке ашыруу боюнча макулдашылган. Президенттин тапшырмасы менен 2025-жылы алгачкы кадамдар жасалып, азыр бул долбоор Агартуу министрлиги тарабынан ишке ашырылууда.
“Аталган окутуу платформасынан 18 жаштан жогорку жарандар IT тармагында билим алып, жогорку квалификацияга ээ IT инженерлери болуп чыгышат. Катардагы мектептерден айырмачылыгы – анда мугалимдер болбойт. Жарандар ал аркылуу өз алдынча билим алып, peer-to-peer (бири-биринен үйрөнүү) системасы аркылуу окушат.
Мектептин негизги максаты - жарандардын IT тармагындагы квалификациясын жогорлатуу”,-деди ал.
Жетектөөчү адистин айтымында, мектепке бассейн ыкмасы менен алгач 200 адам кабыл алынат. Аларга IT тармагындагы базалык тапшырмалар берилет, аларды аткара алган жарандар окууга өтүшөт.
“Негизинен мектепте эң жогорку деңгээлдеги шарттар түзүлөт. Себеби, ал Россиядагы “Мектеп 21дин” шарттарына шайкеш келиши керек. Окуунун узактыгы 1 жылдан 1,5 жарым жылга чейин созулат.
Дагы бир айырмачылыгы - “Сбер” компаниясынын Россиядагы мектептеринин көрсөткүчтөрүнө ылайык, аны аяктагандар 100% жогорку квалификацияны талап кылган, эң жогорку маяналуу жумуштарга кире алышкан”,-деп белгиледи ал.
Аталган долбоор Россияда 2018-жылы негизделген. Учурда аталган өлкөдө мындай 22 санариптик мектеп иш алып барат.