Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура ата-энесинен ажыраган балдардын турак жай укуктарын камсыздоодо

Прокуратура органдары тарабынан ата-энесинен ажыраган балдардын мүлктүк жана турак жай укуктарын коргоо багытында текшерүүлөр жүргүзүлүп, тиешелүү прокурордук чаралар көрүлүүдө. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Кадамжай районунда эки жетим балага турак жай куруу үчүн жер тилкелер бөлүнүп берилип, укук тастыктоочу документтер тапшырылды. Жети-Өгүз районунда жетим балага тиешелүү мурастык мүлк мыйзамсыз сатылганы аныкталып, анын менчик укугу калыбына келтирилди.

Мындан тышкары, Жалал-Абад облусунда жети өспүрүмдүн турак жай алуу укуктары камсыздалып, аларга жер тилкелер жана батирлер берилди.

Мыйзамга ылайык, турак жайы жок жетим балдарга 16 жаштан баштап турак жай аянтын кезексиз алуу укугу кепилденет.

Прокуратура органдары бул багыттагы иштерди улантат.

Мындан тышкары окуңуз

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

"Салык төлөөчүнүн кабинетинде" жаңы "Кабарламалар" сервиси ишке кирди

Эми салык төлөөчүлөр "Салык төлөөчүнүн кабинетинен" маанилүү өзгөрүүлөр, жаңылыктар жана билдирүүлөр тууралуу ыкчам маалымат ала алышат. Бул тууралуу Салык кызматы билдирди. Жаңы "Кабарламалар" сервиси салыктык кызматтарды колдонууда керектүү маалыматтарды өз убагында алууга мүмкүнчүлүк берет. Бул салыктык кызматтарды санариптештирүү жана салык төлөөчүлөр менен өз ара аракеттенүүнүн сапатын

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Нарында 375 орундуу жаңы мектеп ачылды

Бүгүн президент Садыр Жапаровдун онлайн катышуусунда Нарын районунун Куйбышев айылында 375 орундуу жаңы мектептин ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришити. Маалыматка ылайык, долбоор министрлик тарабынан ишке ашырылып, ага республикалык бюджеттен 151 млн сом бөлүнгөн. Жалпы аянты 2 297 чарчы метр болгон эки кабаттуу мектепте окуу класстарынан тышкары лаборатория,

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги кирешелүү алмурут багын өстүрүүнү түшүндүрдү

Айыл чарба министрлиги алмуруттун туура сортун тандап, заманбап интенсивдүү технологияларды колдонуу менен аз аянттан жогорку түшүм алууга болорун белгиледи. Маалымдалгандай, интенсивдүү бак үчүн Кармен, Маузер жана Кыргызско-зимний сорттору сунушталат. Кармен - эрте бышуучу жана кызгылт түстөгү мөмөсү менен айырмаланса, Маузер түшүмдүүлүгү жогору жана ташууга чыдамкай. Ал эми Кыргызско-зимний - кеч

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Президент Таластагы жаңы стадиондун курулушун текшерди

Мамлекет башчысы Садыр Жапаров бүгүн Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Талас шаарындагы жаңы борбордук стадиондун курулушунун жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу президенттин администрациясынан билдиришти. Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев өлкө башчысына объекттин негизги көрсөткүчтөрү жана учурдагы курулуш иштери тууралуу маалымат берди. Жаңы көп функционалдуу