Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Кытайга азык-түлүк экспорттоочулар үчүн жаңы каттоо талаптары киргизилет

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Өсүмдүктөрдү химиялаштыруу, коргоо жана карантин департаменти Кытай Эл Республикасынын Башкы бажы башкармалыгынын №280 буйругу тууралуу маалымдады. Бул талаптар 2026-жылдын 1-июнунан тартып күчүнө кирет.

Ведомствонун маалыматына ылайык, жаңы тартипке ылайык, Кытайга азык-түлүк продукциясын экспорттоочу чет өлкөлүк ишканалар CIFER мамлекеттик маалыматтык системасында милдеттүү түрдө каттоодон өтүшү керек. Ошондой эле продукцияны баалоодо тобокелдикке негизделген ыкма колдонулат.

Каттоо экспорттоочу өлкөнүн ыйгарым укуктуу органы аркылуу жүргүзүлүп, анын жарактуулук мөөнөтү 5 жылды түзөт. Талаптар сакталбаган учурда каттоо токтотулушу же жокко чыгарылышы мүмкүн.

Департамент жаңы эрежелер продукциянын коопсуздугун көзөмөлдөөнү күчөтүүгө багытталганын белгилеп, экспорттоочуларды алдын ала даярданууга чакырат. Ошондой эле тиешелүү консультация жана колдоо көрсөтүлөрүн билдирди.

Мындан тышкары окуңуз

Караколдо 3 млн сом жеңилдетилген каржылоо алган ишкер өсүмдүк майын өндүрүүдө

Караколдо 3 млн сом жеңилдетилген каржылоо алган ишкер өсүмдүк майын өндүрүүдө

Каракол шаарында жеңилдетилген каржылоонун эсебинен өсүмдүк майын өндүрүү жана эмерек жасоо долбоорлору ишке ашырылууда. Бул тууралуу «Мамлекеттик финансылык холдинг» ААКсы билдирди. Маалыматка ылайык, өсүмдүк майын өндүргөн ишкер 3 млн сом каржылоо алган. Учурда ишканада күн карама, сафлор жана жүгөрүдөн майдын үч түрү чыгарылууда. Ошондой эле жеңилдетилген каржылоо аркылуу жыгач устачылык

Ишкер Media
Россияга 700 орун, Венгрияга 300: кыргызстандыктар чет өлкөдө кантип акысыз билим алышат?

Россияга 700 орун, Венгрияга 300: кыргызстандыктар чет өлкөдө кантип акысыз билим алышат?

Кыргызстандык жаштар үчүн 2026–2027-окуу жылында Россия, Венгрия, Кытай жана башка өнөктөш мамлекеттердин университеттеринде билим алууга квоталар каралган. Бирок быйыл чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жалпысынан канча кыргызстандык кабыл алынганы тууралуу толук статистикалык маалымат тактала элек. Бул тууралуу Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинен “Ишкер медиа” маалымат басылмасынын

Ишкер Media
Түптөгү 85 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында

Түптөгү 85 миллион сомдук бала бакчанын курулушу аяктоо алдында

Ысык-Көл облусунун Түп районуна караштуу Ысык-Көл айылында 100 орундуу жаңы бала бакчанын курулушу аяктоо алдында турат. Бул тууралуу Курулуш министрлигинен билдиришти. Маалым болгондой, бала бакчанын курулушу республикалык бюджеттен каржыланып, жалпы наркы 85 миллион сомду түзөт. Эки кабаттуу имараттын аянты 1 404 чарчы метр. Анда уктоочу жана оюн бөлмөлөрү,

Ишкер Media
Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду

Бишкекте абанын сапатын көзөмөлдөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду

Бишкек шаарында атмосфералык абанын сапатын өлчөөчү 50 автоматтык датчик орнотулду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги кабарлады. Маалымдалгандай, өлкө боюнча абанын сапатын көзөмөлдөөчү 14 стационардык жана бир автоматташтырылган станция иштейт. Датчиктерден алынган маалыматтар Жаратылыш ресурстары министрлигине, Бишкек мэриясына жана башка тиешелүү мамлекеттик органдарга жөнөтүлүп турат. Жарандар абанын сапаты тууралуу маалыматты Кыргызгидрометтин

Ишкер Media