Прокурордук чаралардын негизинде 2025-жылы мамлекетке 34,8 млрд сомдон ашык зыян кайтарылган
Бүгүн Жогорку Кеңештин отурумунда Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору Максат Асаналиев прокуратура органдарынын 2025-жылдагы ишмердүүлүгү тууралуу отчетун берди.

Анын айтымында, өткөн жылы өлкө боюнча 25 миңге жакын мыйзам бузуулар аныкталып, аларды жоюу жана болтурбоо үчүн 12 миңден ашык прокурордук чара көрүлгөн. Натыйжада 570 кылмыш иши козголуп, сотко 771 доо арыз жөнөтүлгөн.
Ошондой эле миңдеген кызмат адамдары жоопкерчиликке тартылып, айып пулдар салынган. Прокурордук чаралардын негизинде мамлекеттин пайдасына жалпысынан 34,8 млрд сомдон ашык зыян өндүрүлүп берилген.

Мыйзам бузуулардын басымдуу бөлүгү министрликтердин аймактык түзүмдөрүндө, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана укук коргоо органдарында аныкталган. Мындан тышкары, 2025-жылы 72 социалдык объект мамлекетке кайтарылган.