Кыргызстан Германия менен стратегиялык тармактарда кызматташууну күчөтөт
Министрлер Кабинетинин Төрагасы Адылбек Касымалиев Германия Федеративдүү Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин Европа иштери боюнча мамлекеттик министри Гюнтер Кричбаумду кабыл алды. Бул тууралуу Өкмөттүн Басма сөз кызматынан билдиришти.
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кыргыз-герман кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Атап айтканда, соода-экономикалык, инвестициялык жана маданий-гуманитардык багыттардагы өз ара аракеттенүүгө өзгөчө көңүл бурулду.
Ошондой эле жогорку деңгээлде жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жана “Борбор Азия – Германия” форматындагы диалогду чыңдоонун маанилүүлүгү белгиленди.
Адылбек Касымалиев Кыргызстан Германия менен гидроэнергетика, айыл чарба, транспорт, логистика, инфраструктура жана туризм тармактарында кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар өнөктөштүктү мындан ары да чыңдоого жана биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экенин ырасташты.
