Облус райондор жоюлуп, аймактар түзүлөт, видеокамералар 20 миңге жетет – С.Жапаров
Ноокат эли менен жолугушууда өлкө башчысы Кыргызстанда акырындык менен облус жана райондор жоюлуп, ири аймактар түзүлөрүн жана өлкөдө видеокамералар көбөйтүлөрүн баса белгиледи.
Мамлекет башчысынын айтымында, алдыдагы 2-3 жылда облус жана райондордун ордуна 20дай округ түзүлөт.


"Айыл өкмөттөрүн бириктиргенибиз бул реформанын биринчи этабы болду. Эми экинчи этап менен райондорду аймактарга бириктиребиз. Алгач пилоттук түрдө бир округ түзүп, байкап көрөбүз. Эгер ал ийгиликтүү болуп, түзүлгөн аймак дотациядан чыгып кетсе аймакташтырууну андан ары улантабыз — деди Садыр Жапаров.
Ноокаттык аксакалдын жол коопсуздугу боюнча өтүнүчүн уккан президент бара-бара өлкөдө видеокамералардын саны учурда 6 миңге жеткенин, акырындык менен 20 миңге жетерин билдирди.