Президент К.Зулушевди рейдерликке айыптаган дооматты текшерүүнү УКМКга тапшырды

Президент К.Зулушевди рейдерликке айыптаган дооматты текшерүүнү УКМКга тапшырды

Президент Садыр Жапаров УКМКга экс-депутат, экс-баш прокурор Курманкул Зулушевди рейдерликке айыптаган жарандын дооматын текшерүүнү тапшырды.

Мамлекет башчы Ош облусуна сапарынын алкагында 14-апрель күнү Өзгөн районунда эл менен жолугушуп, арыз-дооматтарын уккан. Жолугушуу учурунда райондун Дөң-Булак айылынын тургуну, өзүн "Бал-Көчөт" акционердик коомунун жетекчиси Аттокур Бусурманкулов деп тааныштырган жаран "1991-жылы түзүлгөн акционердик коомуна караштуу жерди жана мүлктөрдү Курманкул Зулушев командасы менен чогуу тартыпалганын айткан.

"2021-жылга чейин иштедик. 2021-жылы сиздин айланаңыздагы - бийликтеги Курманкул Зулушев баш болгон команда рейдерлик жол менен 40 гектар көп жылдык бак, курулуштар жана башка мүлктөрүбүздү басып алган", - деди Бусурманкулов.

Президент Садыр Жапаров ошол эле жерден УКМК төрагасынын орун басары Алишер Эрбаевге маалыматты текшерүүнү тапшырды. Зулушев өзү жана жакындары бул боюнча комментарий бере элек.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media