"Тазалык" муниципалдык ишканасы эмгекчил жарандарды ишке чакырат

"Тазалык" муниципалдык ишканасы эмгекчил жарандарды ишке чакырат

“Тазалык” муниципалдык ишканасы шаарды тазалоо, көрктөндүрүү жана санитардык абалды жакшыртуу иштерин жүргүзүү үчүн жоопкерчиликтүү жана эмгекчил жарандарды жумушка чакырат.

Мэриянын маалыматына ылайык, учурда төмөнкү бош жумуш орундары бар: — жүктөөчүлөр (катуу тиричилик калдыктарына жана санитардык тазалоо бөлүмүнө);

— айдоочулар (С категориясы, 2 жылдан кем эмес иш стажы, аскердик билет милдеттүү);

— жашылдандыруу жумушчулары (чөп чабуу иштерине);

— фонтан кызматкерлери (шаардык фонтан объектилерин тейлөө жана кароо);

— Васильевский тракт участогуна кызматкерлер;

— оңдоочу цехке жумушчулар (техникалык тейлөө жана оңдоо иштерине).

Эмгек акысы 40-45 миң сом. Кошумча маалымат алуу үчүн төмөнкү дарекке кайрылууга болот: Ростовская көчөсү, 19Б.

Мындан тышкары окуңуз

BAKAI грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

BAKAI грек-рим күрөшү боюнча 2026-жылкы Азия чемпиондугунун жеңүүчүлөрүн куттуктады

BAKAI Бишкекте өткөн Азия чемпиондугунда Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасынын мыкты көрсөткүчтөрүн белгилеп, жеңүүчүлөргө премиалдык карталарды жана акчалай сыйлыктарды тапшырды. Курама команданын көрсөткөн беттештери чемпиондуктун эң көрүнүктүү окуяларынын бири болду. 2026-жылдын Азия чемпиондору болуп BAKAI’дын амбассадору, өлкөнүн эң титулдуу балбандарынын бири Акжол Махмудов, ошондой эле Жанышов Асан, Бейшекеев

Ишкерлер жана жеке жактар 1-майга чейин декларация тапшырышы керек

Ишкерлер жана жеке жактар 1-майга чейин декларация тапшырышы керек

1-майга чейин жеке жактар жана жеке ишкерлер салык декларациясын тапшырышы керек. Бул тууралуу салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, 1-майда жеке жактар жана жеке ишкерлер үчүн бирдиктүү салык декларацииясын тапшыруу мөөнөтү аяктайт. Эске салсак,  салык декларациясы электрондук түрдө салык кызматынын сайты аркылуу тапшырылат.

Чүйдөгү, Бишкектеги сүт ишканаларынын лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү

Чүйдөгү, Бишкектеги сүт ишканаларынын лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Ветеринария, мал чарбасын өнүктүрүү, жайыт жана тоют кызматы тарабынан Бишкек шаарында жана Чүй облусунун райондорунда чийки сүттү кайра иштетүүчү ишканалардын көзөмөлдөөчү лабораторияларына мониторинг жүргүзүлдү. Мониторингдин жүрүшүндө Чүй облусундагы сүт ишканаларына чийки сүттүн сапатын лабораториялык көзөмөлдөө боюнча түшүндүрүү жана практикалык

Өткөрүп жибербеңиз, ABank сиздерди Айдоо Фестке чакырат!

Өткөрүп жибербеңиз, ABank сиздерди Айдоо Фестке чакырат!

Бишкек, Кыргызстан — 18–19-апрелде Чүй облусунда (Кожомкул айылы, жаңы автовокзалдын бет маңдайы) Айдоо Фест 2026 — жылдын эң ири агрардык көңүл ачуучу фестивалы өтөт. Келген конокторду жер айдоо жана кой кыркуу боюнча мелдештер, фермерлер менен механизаторлор арасында тактык боюнча сынактар, Арашан тукумундагы койлордун көргөзмөсү, айыл чарба продукциясынын жарманкеси, жергиликтүү жана чет