Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого болгон чектөө 6 айга узарышы мүмкүн

Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого болгон чектөө 6 айга узарышы мүмкүн

МинКаб Кыргызстанга электрондук тамекини импорттоого кирген чектөөнү дагы алты айга узартууну сунуштады. 23-апрелде коомдук талкууга коюлган бул долбоор 2025-жылы күчүнө кирген мыйзамдын талаптарын аткарууга багытталган.

Экономика жана коммерция министрлиги билдиргендей, мындай чектөө быйыл 10-январдан тартып алты айга киргизилген жана бул аралыкта Кыргызстанга бир да электрондук тамеки ташылып келинген эмес.

Документте никотин суюктугу камтылган электрондук тамекилерди ташып келүүгө, жүгүртүүгө жана пайдаланууга биротоло тыюу салуу каралган.

ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин үчүнчү өлкөлөр менен соода жүгүртүү эрежелерине ылайык, мындай чектөөнүн түрүнүн мөөнөтү жарым жылдан ашпашы керек. Ошондон улам Министрлер Кабинети электрондук тамеки ташып келүүгө кирген чектөөнү 10-июлдан ары карай дагы алты айга узартууну сунуштоодо.
2024-жылы Кыргызстанга 60 тоннадан ашык, 2025-жылдын жети айында 12,4 тонна электрондук тамеки импорттолгон. Алардын көбү Кытайдан ташылып келинген.

“Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун тамекиге каршы күрөшүү боюнча алкактык конвенциясынын жоболоруна ылайык, Кыргызстан 2006-жылдан бери Конвенциянын катышуучусу болуп, тамеки заттарынын жана никотиндин, анын ичинде алардын жаңы формаларынын калкка таасирин алдын алуу боюнча чараларды көрүүгө милдеттенет”, - деп жазылган долбоордун маалымкат-негиздемесинде.

Жогорку Кеңеш Кыргызстанда электрондук тамеки чегүүгө, ташып келүүгө жана сатууга тыюу салган мыйзам долбоорун 2024-жылдын 26-июнунда кабыл алып, документке президент Садыр Жапаров ушул эле жылдын 24-ноябрында кол койгон.

Азыркы тапта электрондук чылым колдонгону үчүн жарандарга 10 миң сом, юридикалык жактарга 60 миң сом айып пул салынат.
Электрондук тамеки саткан жеке жактарга 50 миң сом, юридикалык жактарга 65 миң сом айып пул салуу каралган. Ташыгандарга 150 миңден 200 миң сомго чейин айып салынат же 1 жылдан 2 жылга чейин эркинен ажыратуу менен жазаланат.

Мындан тышкары окуңуз

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Ошто коомдук коопсуздук боюнча көп функционалдуу борбор ачылды

Бүгүн, Ош шаарында коомдук коопсуздукту жана өзгөчө кырдаалдарга даярдыкты күчөтүүгө багытталган көп функционалдуу борбор ачылды. Бул тууралуу ӨКМнин басма сөз кызматынан кабарлашты. Билдирүүгө караганда, борбордо өзгөчө кырдаалдар үчүн зарыл материалдык запастар сакталат. Ошондой эле кризистик кырдаалда координациялык иштерди жүргүзүүгө жана зарыл болсо жарандар үчүн убактылуу баш калкалоочу жай катары пайдаланууга

Ишкер Media
Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Эки өлкөнүн мамлекет башчылары жолугушту

Авазада бүгүн, Президент Садыр Жапаров Түркмөнстандын Президенти Сердар Бердымухамедов менен жолугушту. Эки өлкөнүн мамлекет башчылары эки тараптуу кызматташтыктын актуалдуу маселелерин жана кыргыз-түркмөн мамилелерин мындан ары өнүктүрүүнүн келечегин талкуулашты. Президенттин басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жолугушууда тараптар соода-экономикалык жана энергетика тармактарындагы кызматташтыкты кеңейтүүгө, ошондой эле транспорттук-логистикалык байланыштарды өнүктүрүүгө

Ишкер Media
Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Жүрөктүн кагышын көзөмөлдөп, өзү ойгото турган "акылдуу" керебет

Уйкуну көзөмөлдөп, температураны өзү жөнгө салып, жүрөктүн кагышын жана дем алуу ыргагын өлчөп, адамды ойготкон «акылдуу» керебеттер пайда болду. Мындай технологиялардын бири — америкалык Eight Sleep компаниясынын Pod системасы. Ал кадимки матраска орнотулуп, уктап жаткан адамдын көрсөткүчтөрүн атайын сенсорлор аркылуу көзөмөлдөйт. Системанын негизги өзгөчөлүктөрүнүн бири — керебеттин эки тарабындагы температураны өзүнчө жөнгө

Ишкер Media
Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдик Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө” байланыштуу чектөөлөрдү узартты

Евробиримдиктин Кеңеши Россиянын чет өлкөлөрдөгү туруксуздаштыруучу аракеттерине жооп катары киргизилген айрым чектөө чараларынын мөөнөтүн 2027-жылдын 9-октябрына чейин узартты. Евробиримдиктин маалыматына ылайык, чаралар Россиянын “гибриддик ишмердүүлүгүнө”, анын ичинде чет өлкөлүк маалымат мейкиндигин манипуляциялоо жана кийлигишүүгө (FIMI) байланыштуу киргизилген. Учурда бул санкциялык режимдин алкагында 80 жеке адамга жана 20 уюмга

Ишкер Media