Бишкектеги "Дельфин" бассейни реконструкцияга даярдалууда
Бишкек шаарындагы "Дельфин" бассейнинин имаратына инженердик-техникалык текшерүү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.
Текшерүү Жаш Гвардия бульварында жайгашкан имараттын учурдагы техникалык абалын аныктоо жана реконструкция иштерине байланыштуу жүргүзүлдү.
Адистер объекттин техникалык документтерин карап чыгып, имараттын конструкцияларына комплекстүү инженердик талдоо жүргүзүштү.
Текшерүүнүн жыйынтыгында курулуш конструкцияларынын техникалык абалы боюнча корутунду даярдалып, имаратты мындан ары пайдалануу боюнча сунуштар иштелип чыгат.


