25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкектин айрым аймактарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурайт

25-августта Бишкек шаарында жана ага жакын аймактарда электр тармактарын оңдоо жана жаңылоо иштерине байланыштуу айрым жерлерде жарык убактылуу өчүрүлөт.

Бишкек электр тармактар ишканасынын маалыматына ылайык, иштер электр тармактарынын ишенимдүүлүгүн жогорулатуу жана авариялык өчүүлөрдү алдын алуу максатында жүргүзүлөт.

Бишкек шаарында төмөнкү аймактарда:

- 09:30–17:00 — Чүй проспектиси, №45, 47, 49, 57, 51, 71, 55, 53, 63 үйлөр; Шабдан баатыр көчөсү, №69 үй; Акылбеков көчөсү.
- 09:30–18:00 — "Асанбай" кичирайону, №23, 25, 27, 78 үйлөр.
- 09:00–12:00 — Кривоносов жана Аммосов көчөлөрүнүн айрым тилкелери.
- 09:00–17:00 — "Арча-Бешик" конушу, Муромск жана Береке көчөлөрү.
- 09:00–17:00 — "Ак-Ордо" конушу, Бурана көчөсү.
- 09:00–17:00 — "Ак-Ордо", Кызыл-Тоо, Ак-Булак, Орто-Арык көчөлөрү.
- 09:00–17:00 — "Арча-Бешик", Ак-Марал жана Ак-Тан көчөлөрү.
- 12:00–17:00 — "Арча-Бешик", Камбар-Ата жана Садыбакасов көчөлөрү.
- 09:00–12:00 — Махатма Ганди көчөсү, №177 үй.
- 09:00–17:00 — "Мурас-Ордо" турак жай комплекси, Мурас-Ордо-18 көчөсү.
- 12:45–17:00 — Патрис Лумумба көчөсү, №70 темир жол.

Аламүдүн районунда:

Электр энергиясын өчүрүү иштери Таш-Дөбө, Бир-Булак, Көк-Жар, Кашка-Суу жана Байтик айылдарында, ошондой эле Карл Маркс айылында жүргүзүлөт.

Аталган аймактарда иштер 09:00дөн 17:00гө чейин созулат. Тактап айтканда, электр линияларын жана трансформаторлорду оңдоо, авариялык жыгач мамыларды темир-бетон мамыларга алмаштыруу, зымдарды жаңылоо жана башка техникалык иштер аткарылат.

Ошондой эле Кашка-Суу айылындагы "Ала-Арча" жаратылыш паркында жана Альплагерь аймагында да электр тармагында оңдоо иштери пландалган.

Мындан тышкары окуңуз

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкектин 7-кичи районунда таза суу берилбейт

Бишкек шаарынын 7-кичи районунда 3-ноябрда саат 10:00дөн 22:00гө чейин таза суу берүү токтотулат. Бул тууралуу мэриядан маалымдады. Билдирүүгө ылайык, бул күнү аймактагы суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Өчүрүү 7-кичи райондун №33, 34, 34/1, 35, 36, 37, 38, 38/1, 39, 40, 41, 43,

Ишкер Media
Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткенде финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өттү

Талас жана Баткен облустарында Дүйнөлүк каражат топтоо күнүнө карата мектеп окуучулары жана студенттер үчүн финансылык сабаттуулук боюнча лекциялар өткөрүлдү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, 27–30-октябрь күндөрү Улуттук банктын Талас облустук башкармалыгынын өкүлдөрү Талас, Бакай-Ата, Айтматов жана Манас райондорундагы төрт мектептин жогорку класстарынын окуучуларына лекция өтүштү.

Ишкер Media
Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Кыргызстанда баалуу кагаздар рыногун жөнгө салуунун жаңы эрежелери бекитилди

Министрлер кабинети баалуу кагаздар рыногунун ишин жөнгө салууга багытталган жаңы жоболорду бекитти. Тиешелүү №732 токтом 2026-жылдын 29-октябрында кабыл алынды. Бул тууралуу Финкөзөмөлдөн билдиришти. Документке ылайык, Улуттук депозитарийдин ишинин өзгөчөлүктөрү жөнүндө жобо жана Баалуу кагаздардын бирдиктүү мамлекеттик реестрин жүргүзүү, ошондой эле баалуу кагаздардын чыгарылышына мамлекеттик каттоо номерин берүү тартиби

Ишкер Media
Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Германия менен Улуу Британия Борбор Азиядагы климаттык долбоорго каражат бөлөт

Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев Германиянын Эл аралык кызматташтык коомунун (GIZ) Кыргызстандагы жана Тажикстандагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Виктор Вецель менен жолугушту. Бул тууралуу министрликтин басма сөз кызматы кабарлады. Маалымдалгандай, жолугушууда айлана-чөйрөнү коргоо, туруктуу өнүгүү жана климаттын өзгөрүшүнө каршы күрөшүү боюнча кызматташтык маселелери талкууланды. Жыйынтыгында тараптар "Борбордук Азияда климаттык тобокелдиктерди

Ишкер Media