Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп Талгат Аширбеков дайындалды
Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болуп Талгат Аширбеков дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат жана саясат бөлүмүнөн кабарлашты.
Маалыматка ылайык, Талгат Аширбеков 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеп келген.
Жапаров былтыр декабрда Мисирдин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин түзүү боюнча жарлык чыгарган. Буга чейин Мисир менен дипломатиялык кызматташтыкты Кыргызстандын Сауд Сауд Арабиядагы элчилиги айкалыштыруу тартиби менен жүргүзүп келген.