Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады.
Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган.
Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын натыйжалуулугу жана социалдык жоопкерчилик багытындагы демилгелери үчүн сыйланды.
Министр Токтобаев жеке сектордун өлкөнүн экологиялык жана климаттык максаттарын ишке ашырууда маанилүү ролун белгилеп, мамлекет менен бизнес өнөктөштүгүн бекемдөө зарылдыгын айтты.