Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды
3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады.
Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди.
Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ болду:
• №84 мектептин мугалими Нургүл Карыбековага - Chevrolet Cobalt автоунаасы
• №118 мектептин мугалими Жылдыз Белековага - Chevrolet Tracker автоунаасы
• Эң жогорку жыйынтык көрсөткөн №31 мектептин музыка мугалими Нурбек Айдарбек уулуна - "Асман Резиденс" комплексинен 1 бөлмөлүү батир жана 500 миң сомдук сертификат тапшырылды.
Ошондой эле билим берүү тармагында өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге Ардак грамоталар, төш белгилер жана баалуу белектер берилди.