Түркстан шаарында өткөн жыйында соода-экономикалык, инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө көңүл бурулду

Түркстан шаарында өткөн жыйында соода-экономикалык, инвестициялык демилгелерди илгерилетүүгө көңүл бурулду

Президент Садыр Жапаровдун Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө-мамлекеттердин башчыларынын Түркстан шаарында өткөн бейформал саммитине катышты.

Мамлекет башчысы С.Жапаров  саммиттин алкагында Өзбекстандын Президенти Шавкат Мирзиёев менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Тараптар соода-экономикалык, инвестициялык, транспорттук-логистикалык, энергетикалык жана маданий-гуманитардык тармактарда биргелешкен демилгелерди илгерилетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.

Президент андан соң "Түрк цивилизациясынын борборунун” пайдубалына мезгил кутусун салуу аземине катышты.

Азем Азербайжан, Казакстан, Түркия жана Өзбекстандын лидерлеринин катышуусунда видеоконференция режиминде өттү.

"Түрк цивилизациясынын борбору" долбоору түрк элдеринин тарыхый-маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга багытталган. Борбор түрк дүйнөсүнүн руханий борборлорунун бири болуп эсептелген Түркстан шаарында курулат.

Президенттерге ошондой эле жасалма интеллект экономикасын өнүктүрүү жана Уюмга мүчө өлкөлөрдүн санариптик өз ара аракеттенүү стратегиясы сунушталды.
Казакстан тарап санариптик инфраструктура, жасалма интеллект, спутник байланышы жана эсептөө кубаттуулугун өнүктүрүү чөйрөлөрүндө ишке ашырылып жаткан демилгелер тууралуу маалымат берди. Мамлекеттик башкаруу системасына санариптик чечимдерди киргизүү ыкмалары да көрсөтүлдү.

ТМУнун бейформал саммитинде сөз сүйлөгөн Президент Садыр Жапаров саммиттин жасалма интеллектке жана санариптик өнүгүүгө арналган темасы дүйнөлүк заман талабындагы тенденцияларды түздөн-түз чагылдырарын, анткени технологиялар экономикалык өсүштүн жана глобалдык атаандаштыктын негизги фактору болуп калганын баса белгиледи.

 

 

 

Мындан тышкары окуңуз

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга "Golden Eagle" туристтик поезди кайрадан келди

Кыргызстанга 19 вагондон турган "Golden Eagle" эл аралык туристтик поезди №931/932 каттамы менен Бишкек-2 бекетине 73 туристти алып келди. Конокторду "Кыргыз темир жолу" ишканасы салтанаттуу тосуп алды. Бул тууралуу ататлган ишканадан билдиришти. Маалыматка ылайык, бекетте улуттук кол өнөрчүлөр жарманкеси уюштурулуп, комузчулар тобу чыгармаларды аткарды.

Ишкер Media
Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "Жылдын мыкты мугалими - 2026" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

3-октябрда Улуттук филармонияда Билим берүү кызматкерлеринин күнүнө карата өткөн салтанатта "Жылдын мыкты мугалими - 2026" шаардык сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу мэрия маалымдады. Билдирүүгөө караганда, сынактын жыйынтыгында 1, 2, 3-орун алган 52 мугалимге 60, 80 жана 100 миң сомдук сертификаттар берилди. Алдыңкы үч педагог өзгөчө сыйлыктарга ээ

Ишкер Media
Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media