Камчыбек Ташиев баш болгон саясатчылардын соту башталды
18-майда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев, парламенттин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу баштаган сегиз адамдын соттук иши башталды.
Аларга "бийликти күч менен басып алууга аракети" беренеси менен иш козголуп, материалдар сотко өткөн.
Ички иштер министрлиги бул ишке “жашыруун” деген гриф койгон, буга байланыштуу сот отурумдары жабык өтүүдө.