Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак мөөнөттүү каржылоону тартуу мүмкүнчүлүктөрүнө бурулду.

Жолугушуунун жүрүшүндө Руслан Сүйүналиев АБИИнин Бишкек шаарында өкүлчүлүгүн ачуу маселесин да кароону сунуштады. Банктын Кыргызстанда туруктуу иш алып баруусу өз ара кызматташууну бекемдөөгө, биргелешкен долбоорлорду даярдоо жана ишке ашыруу процессин тездетүүгө, ошондой эле инвестициялык кызматташтыкты кеңейтүүгө өбөлгө түзөт.

Тараптар ошондой эле 2027-жылдын 21–23-октябрында Бишкек шаарында өтө турган Экинчи глобалдык тоо саммити "Бишкек+25" алкагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулашты. Министр АБИИнин президентин Саммитке катышууга чакырды.

Мындан тышкары, Финансы министри АИИБнин вице-президенти Константин Лимитовский менен жолугушуу өткөрдү. Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен АИИБнин ортосунда 2026–2028-жылдарга каржылоо планы боюнча Алкактык макулдашууга кол коюлду.

Алкактык макулдашуу долбоорлордун даярдыгына, ошондой эле аларды кароо жана бекитүү боюнча зарыл жол-жоболордун өтүшүнө жараша АИИБнин ресурстарын ырааттуу жана этап-этабы менен тартуу үчүн негиз түзөт.

Жолугушуулардын жыйынтыгында тараптар Кыргыз Республикасынын артыкчылыктуу демилгелерин ишке ашырууда кызматташтыкты кеңейтүү жана биргелешкен иштерди улантуу боюнча конструктивдүү өз ара аракеттенүүнү улантууга макулдашышты.

Мындан тышкары окуңуз

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Эми акча алмаштырууда сөзсүз өздүгүн тастыктаган документ талап кылынат

Кыргызстанда акча алмаштыруучу жайларда кардарлар алмаштырган акчасынын суммасына карабастан өздүгүн тастыктаган документ көрсөтүүгө тийиш. Тиешелүү өзгөртүүлөр Улуттук банк Башкармасынын 2026-жылдын 1-октябрында кабыл алынган токтомунда каралган. Жаңы талапка ылайык, акча алмаштыруу операциясын жүргүзүүдө кардардын же анын ишенимдүү адамынын өздүгү милдеттүү түрдө аныкталат. Токтомго ылайык, кардар өздүгүн тастыктоо үчүн паспортун,

Ишкер Media
Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун башчысы менен жолукту

Бүгүн Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Дүйнөлүк бажы уюмунун Башкы катчысы Ян Сондерс менен жолугушту. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызмат кабарлады. Маалым болгондой, тараптар бажылык жөнгө салуунун эл аралык стандарттарын киргизүү, процесстерди санариптештирүү, чек ара инфраструктурасын модернизациялоо жана кадрларды даярдоо маселелерин талкуулашты. Касымалиев Кыргызстан уюмга 2000-жылдын 10-февралынан

Ишкер Media
Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

Кепилдик фонд аркылуу аймактагы ишкерлер 6,6 млрд сом кредит алышты

2026-жылдын январь–сентябрь айларында “Кепилдик фонд” ААКсы ишкерлерге жалпы суммасы 3,8 млрд сомду түзгөн 1 523 кепилдик берип, 12,8 млрд сом кредиттик каражат тартууга көмөктөштү. Бул тууралуу фонддун маалыматында айтылат. Билдирүүгө караганда, берилген кепилдиктердин 76%ы же 1 156сы Кыргызстандын аймактарындагы ишкерлерге туура келген. Ал эми аймактарга

Ишкер Media
Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

Бишкектин айрым аймактарында 15-октябрда суу өчүрүлөт

15-октябрда саат 10:00дөн 20:00гө чейин айрым аймактарда ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Суу өчүрүү төмөнкү көчөлөр менен чектелген аймакта болот: Балтагулов - Юдахин - Алтымышев - Бакаев - Чыңгыз Айтматов кең көчөсүнүн батыш тарабы. Маалыматка ылайык, диаметри 300 мм болгон суу түтүгүндө оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлөт. Суу

Ишкер Media