Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү
3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-чаранын Ош шаарында өтүшү өзгөчө сыймык экенин белгилеп, спортчуларга ийгилик каалады.
Иш-чарага президенттин Ош облусундагы өкүлү Аманкан Кенжебаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана Кыргыз профессионалдык бокс лигасынын президенти Шайлообек Атазов катышты.
Мелдешке эл аралык мушкерлер катышып, жыйынтыгында кыргызстандык Мирзохид Имамназаров чемпиондук курга ээ болсо, Ош шаарынын мэринин кубогун Ыйман Байзаев жеңип алды.


