Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнүн орун басары болуп Исламбек Увайдиллаев дайындалды
Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары кызмат ордуна Исламбек Увайдиллаев дайындалды.
Маалыматка ылайык, жаңы дайындалган орун басарды Президенттин Жалал-Абад облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Тилек Текебаев өкүлчүлүктүн аппарат кызматкерлерине тааныштырды.
Тааныштыруу учурунда облус башчысы Исламбек Увайдиллаевге алдыдагы жоопкерчиликтүү ишинде ийгиликтерди каалап, социалдык тармактагы иштерди жаңы деңгээлге көтөрүүгө ишеним билдирерин айтты.
Ошондой эле ал калктын жашоо деңгээлин жогорулатуу, билим берүү, саламаттыкты сактоо жана социалдык коргоо тармактарындагы милдеттер өзгөчө жоопкерчиликти талап кыларын кошумчалады.