Садыр Жапаров Азербайжанга иш сапары менен барды
Президент Садыр Жапаров 16-майда, Азербайжанга иш сапары менен барды. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдирди.
Маалыматка ылайык, Мамлекет башчысынын учагы Баку шаарындагы Гейдар Алиев атындагы эл аралык аэропортко конду.
Президент Садыр Жапаровду Азербайжандын саламаттыкты сактоо министри Теймур Мусаев жана башка расмий адамдар тосуп алышты.
Иш сапарынын жүрүшүндө Мамлекет башчысы Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясынын ишине катышат.
Белгилей кетсек, Кыргызстандын форумга катышуусу өлкөнүн туруктуу инфраструктура, “жашыл” энергетика жана экологияга багытталган шаарларды өнүктүрүү жаатындагы эл аралык кызматташтыкка умтулуусун айгинелейт.
Өлкө ошондой эле ыңгайлуу жана коопсуз шаардык мейкиндиктерди түзүү үчүн тажрыйба алмашууга жана эл аралык мыкты практикаларды ишке киргизүүгө даяр экенин көрсөтүүдө.