Садыр Жапаров Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясына катышууда
Президент Садыр Жапаров 18-майда, Азербайжандын борбору Баку шаарында өтүп жаткан Бүткүл дүйнөлүк шаарлар форумунун (WUF13) 13-сессиясына катышууда. Бул тууралуу президенттик админстрациянын маалымат жана саясат бөлүмүнөн билдиришти.
Маалыматка ылайык, иш-чаранын алдында Мамлекет башчысын Азербайжандын Президенти Илхам Алиев жана БУУнун Калктуу конуштар боюнча программасынын (UN-Habitat) аткаруучу директору Анаклаудия Росбах тосуп алышты.
Саламдашуу аземинен жана биргелешип сүрөткө түшүүдөн кийин делегация башчылары форумга катышуу үчүн залга бет алышты.