Садыр Жапаров Маврикийдин президенти менен жолукту

Садыр Жапаров Маврикийдин президенти менен жолукту

Президент Садыр Жапаров 18-майда, Баку шаарында өтүп жаткан Дүйнөлүк шаарлар форумунун 13-сессиясынын алкагында Маврикий Республикасынын Президенти Дхарамбир Гокхул менен жолугушуу өткөрдү.Бул тууралуу президенттин расмий сайтына жарыяланды.

Маалыматка таянсак, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташтык маселелерин, ошондой эле өз ара кызыкчылык туудурган бардык багыттар боюнча, анын ичинде санариптештирүү жана каржы сектору чөйрөлөрүндө өз ара аракеттенүүнү мындан ары кеңейтүү келечегин талкуулашты.

Мамлекет башчысы Кыргызстандын Африка өлкөлөрү менен, анын ичинде Маврикий менен эки тараптуу жана көп жактуу форматта кызматташууну өнүктүрүүгө кызыкдар экенин баса белгиледи.
Бул контекстте Президент Садыр Жапаров көп тараптуу кызматташууну алдыга жылдыруу максатында үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кыргызстан Африка бирлигинде байкоочу макамын алганын айтты.

Өз кезегинде Маврикийдин Президенти Дхарамбир Гокхул эки тараптуу өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүгө даяр экенин билдирди. Ал эл аралык аренада чакан мамлекеттердин ортосундагы өз ара колдоо негизги маселелерди натыйжалуу чечүү үчүн өзгөчө маанилүү экенин баса белгиледи.

Мындан тышкары окуңуз

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Андижандан Ошко 10 миң түп павловния көчөтү белекке берилди

Ош шаарынын күнүнө карата өткөн жолугушууда Өзбекстандын Андижан облусу Ош шаарына 10 миң түп павловния көчөтүн белек кылды. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалым болгондой, иш-чарага Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев, шаардык кеңештин төрагасы Болотбек Баетов жана боордош шаарлардын өкүлдөрү катышты. Көчөттөрдү Андижан облусунун акиминин орун басары Махамаджон Нишанов тапшырды.

Ишкер Media
Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" сынагынын жеңүүчүлөрү сыйланды

Бишкекте "ESG Бизнес-лидер" улуттук сынагынын жеңүүчүлөрүн сыйлоо аземи өттү. Иш-чарага Жаратылыш ресурстары министри Акыл Токтобаев катышты. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы кабарлады. Маалым болгондой, сынак экологиялык, социалдык жана корпоративдик жоопкерчилик принциптерин илгерилетүүгө жана туруктуу өнүгүү ыкмаларын киргизген компанияларды колдоого багытталган. Жеңүүчүлөр экологиялык жоопкерчилик, ресурстарды үнөмдөө, энергиянын

Ишкер Media
Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

Ошто Кыргызстан тарыхында алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири өттү

3-октябрда Ош шаарынын күнүнө карата Кыргызстанда алгачкы жолу TURKSEN 3 эл аралык бокс турнири жана Ош шаарынын мэринин кубогу үчүн мелдеш өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка ылайык, турнирдин ардактуу коногу легендарлуу бокс чебери Рой Джонс болду. Ачылыш аземде мэр Жанарбек Акаев мындай ири спорттук иш-

Ишкер Media
Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен  кызматташтыкты кеңейтүүдө

Финансы министрлиги - Азия инфраструктуралык инвестициялар банкы менен кызматташтыкты кеңейтүүдө

КРнын Финансы министри Руслан Суйналиев Азия инфраструктуралык инвестициялар банкынын (АИИБ) президенти Цзоу Цзяи менен жолугушту. Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар кызматташтыкты кеңейтүүнүн келечегин жана Банктын Кыргызстан үчүн артыкчылыктуу демилгелерди ишке ашырууга катышуу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты. Негизги көңүл инфраструктураны, энергетиканы, шаардык чөйрөнү, суу чарбасын, транспортту, турак жай курулушун жана саламаттык сактоо тармагын өнүктүрүүгө узак

Ишкер Media