Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

Адылбек Касымалиев Өзбекстанга жумуш сапары менен барат

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 16–17-июнда жумуш сапары менен Ташкент шаарына барат. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, сапардын алкагында ал Ташкент инвестициялык V эл аралык форумуна катышып, форумдун пленардык жыйынында сөз сүйлөйт.

Ошондой эле иш-чаранын жүрүшүндө Өзбекстандын жогорку кызмат адамдары менен эки тараптуу жолугушууларды өткөрүп, кызматташтыктын орчундуу багыттары боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүсү мерчемделүүдө.

Мындан тышкары, форумга катышкан делегация башчылары менен биргеликте эл аралык бизнес аянтчанын ишмердүүлүгү, ошондой эле Ислам цивилизациясынын борборундагы тарыхый булактар жана экспозициялар менен таанышмакчы.

Жумуш сапары Кыргыз Республикасы менен Өзбекстан Республикасынын ортосундагы саясий-экономикалык кызматташтыкты мындан ары чыңдоого жана инвестициялык байланыштарды кеңейтүүгө багытталган.

Күндүн негизги жаңылыктары — Telegram каналыбызда Каналга катталуу

Мындан тышкары окуңуз

Саясат

Акыркы жаңылыктар

Баары

Бишкекте кайсы курулуш объектилери текшерилди?

Бишкектеги 8 акча алмаштыруу бюросуна 55 миң сомдон айып пул салынды

Ош шаарындагы Абдыкадыров көчөсүнө 70 түп сирень отургузулду

Таласта таштанды башкаруу системасын жакшыртуу боюнча иштер жүргүзүлүүдө

Өзбекстанда канча кыргыз жашайт?