Илимий даража үчүн төлөнүүчү үстөк акыны көбөйтүү сунушталууда
Өлкөдө илимий даража үчүн эмгек акыга ай сайын кошумча төлөнүүчү үстөк акыны 100 пайызга көбөйтүү сунушталууда. Тиешелүү токтом долбоору 21-октябрда коомдук талкууга чыгарылды.
Учурда МинКабдын «Илимий даража үчүн үстөк акыларды белгилөө жөнүндө» токтомуна ылайык, ай сайын берилүүчү үстөк акылардын өлчөмү төмөнкүдөй:
- Илимдин доктору окумуштуулук даражасы үчүн — 2 700 сом,
- илимдин кандидаты, философия доктору (PhD) же тармак боюнча доктор окумуштуулук даражалары үчүн — 1 350 сом.
Маалыматка ылайык, иштелип чыккан долбоордо бул суммаларды эки эсеге көбөйтүү сунушталууда. Тактап айтканда:
- илимдин доктору үчүн — 5 400 сомго чейин,
- илимдин кандидаты, философия доктору (PhD) же тармак боюнча доктор үчүн — 2 700 сомго чейин көбөйтүлөт.
Сунушталган өзгөртүүлөр илимий коомчулукту колдоону күчөтүүгө, илимий жана окутуучулук ишмердүүлүктүн кадыр-баркын жогорулатууга, илимди өнүктүрүүгө ошондой эле квалификациялуу илимий кадрларды даярдоого кошумча дем берүүчү шарттарды түзүүгө багытталган.